Талас мамлекеттик университети 2025-жылдын 2-июнунда Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Манас” орденинин ээси АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВдун 80 жаш мааракесине арналган илимий-практикалык конференция уюштурду.
Конференцияга борбордон КР Эл акындары Сагын Акматбекова, Кожогелди Култегин , КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Жазуучулар Союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов, филология илимдеринин кандидаты, окумуштуу Сайра Исаевалар келип катышышып, куттуктоолорун айтышты.
ТалМУнун окумуштуулары ф.и.к,доценттер К.Т.Жунусалиева, Т.К.Айталиева, философ. и. к, доцент Э.А.Уметов акындын чыгармачылыгы боюнча мазмундуу илимий баяндамаларды жасашты.
Кыргыз Эл акыны А. Өмүркановго Талас мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен ТалМУнун “ Ардактуу профессору” деген наам ыйгарылды
Экинчи бөлүгү маданий программа менен коштолду.келген конокторго ыраазычылык кат ыйгарылды.
























