20.09.2025. Талас мамлекеттик университетинин Агробизнес, биоэкология жана туризм институтунун курамындагы КР эл мугалими Бектур Исаков атындагы окуу- тарбия комплексине КРнын ЖК депутаты Мураталиев Марат Молдонович компьютердик жабдууларды, интерактивдүү доска ж.б. тапшырды.

Тосуп алуу аземине Талас мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил боюнча проректору ф.и.к., доцент Жунусалиев Кундуз Тотоновна, жана Агробизнес , биоэкология жана туризм институтунун директору б.и.к., доцент Ташибекова Замира Мазеловна, Бектур Исаков атындагы окуу- тарбия комплекстин директору Секимова Магира Азабековна жана жалпы жамааты катышышып, окуу жайдын ийгилиги, келечектүү планы, жетишкендиктери жөнүндө маек жүргүзүлдү.

Марат Молдоновичке Талас мамлекеттик университетинин жалпы жамаатынын атынан ыраазычылык билдиребиз!

Прокрутить вверх