2025-жылдын 16-октябрында Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык-юридикалык институтунда дүйнөлүк тилдер кафедрасы жана студенттери тарабынан уюштурулган «Улуттун уңгу жолундагы кыргыз маданияты» аттуу темада маданий иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын максаты улуттук баалуулуктарыбызды сактоонү калыптандыруу, келечек муундарга таалим-тарбия берүү, кыргыз элинин байыртадан муундан-муунга, урпактан-урпакка уланып келе жаткан каада-салттарын жандандыруу, жайылтуу. Иш-чаранын уюштуруучусу дүйнөлүк тилдер кафедрасына жана кафедранын окутуучусу Темиралиев Бабырнур Апилмажуновичке ТалМУнун проректору К.Т.Жунусулаиева жана катышкан коноктор, профессордук-окутуучулар тарабынан жакшы сөздөр, алкоолор, ыраазычылыктар, сунуштар айтылды.

Прокрутить вверх