2025- жылдын 22-октябрында Талас мамлекеттик университетинде Корея Республикасынын Чонджу Вижн университети менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Талас мамлекеттик университетинин окуу жана илимий иштер боюнча проректору Анаркул Кудайбердиевич кабыл алды. Ошондой эле ТалМУ нун ишмердүүлүгү менен тааныштырды.Бул меморандумдун алкагында ТалМУнун студенттери 6 айлык академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу Кореяда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Иш-чаранын жүрүшүндө Чонджу Вижн университетинин өкүлдөрү Щин Чон Су жана Ом Гына келип, өз университети тууралуу презентация өткөрүштү.Андан соң ТалМУдагы корей тили борборунун колдоосу менен концерттик программа уюштурулуп, студенттер корей тилинде сүйлөшүп, Кореянын маданий баалуулуктары менен таанышышты.











