23-октябрь, 2025-жыл. Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин ички аудитору Е. Токтабековдун катышуусу менен семинар болуп өттү

Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин ички аудитору Е. Токтабековдун катышуусу менен семинар болуп өттү. Агенттик мамлекет тарабынан 2008- жылы көз карандысыз коммерциялык эмес уюм катары түзүлгөн, ал Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо кызматын аткарат.Агенттиктин негизги милдеттеринин бири Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кепилденген учурда аманатчыларга компенсация төлөп берүү боюнча Кыргыз Республикасындагы депозиттерди коргоонун натыйжалуу системасын камсыз кыла тургандыктары тууралуу кеңири маалымат берилди.Суденттер тарабынан депозиттерди коргоо фонду деген эмне, компенсация, аманаттар тууралуу суроолор берилип, толук жооп ала алышты.Жыйынтыгында, оюн ойнотулуп,катышкан студенттерге белектер берилди.Уюштуруучуларга жетекчилик тарабынан ыраазычылык билдиребиз!

Прокрутить вверх