2025-жылдын 22- октябрында Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин уюштуруусу менен “Глобалдык аялдар саммитинин жыйынтыктары жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу” аттуу конференция болуп өттү.Конференцияга Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин Президенти З.А.Акбагышева, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин,чакырылган коноктор жана республикабыздын облустарында ачылган Кыргыз-кытай борборлорунун координаторлору Бактыгулова К, Женишбекова З. Баетова П., Давлетбаева Дж, Жунусалиева К, Монолова С.Т, Ибраимова Ы, Сарбагышева Л. Ниязалиева Р катышышты. Иш-чаранын максаты – аялдардын эл аралык кызматташтыктагы жана коомдук өнүгүүдөгү ордун талкуулоо, Кытай жана Кыргызстан аялдарынын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо болду. Конференцияда баяндамалар окулуп, глобалдык саммиттин жыйынтыктары айтылып, талкуу жүргүзүлүп, сунуштар айтылды. Жыйынтыгында, коноктордун көңүлүн көтөргөн маданий программа тартууланды.









