2025-жылдын 24-октябрында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери арасында өткөрүлгөн «Кыргызстандагы жашыл бизнес-практикаларды жайылтуу» аттуу «Жашыл толкун» демилгесинин экинчи айлампасында Талас мамлекеттик университети 1-орунга ээ болду.Бул демилгеге бизнес-инкубатордун директору Козубекова Алмаш Токтобековна жетектеген Агробизнес, биоэкология жана туризм институтунун студенттери Жолдошева Ширин (Г-23), Уланбек уулу Бектур (Г-23), Рысалиева Халида (Г-23), Усенова Кымбат (Б-22), Калыков Адилет (БСХ-23) активдүү катышып, мыкты жыйынтык көрсөтүштү.Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана сертификаттар ыйгарылды.







