Конкурстун максаты: жалпы коомчулукту, жаштарды,айлана чөйрөнү курчап турган жаратылышты сактоодогу көйгөйлөрүнө көңүл буруусу жана аны менен иштөөнүн ийгиликтүү жолдорун жакшыртуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу.Конкурс төмөнкү тапшырмалардын негизинде жүргүзүлдү:1. Глобалдык климаттык өзгөрүү боюнча “Жашыл “реформасына сенин ойлоруң( видеоролик, плакат).2.Адамдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү таштандыларды кайра иштетүү ( видеоролик, плакат)3. “Жаратылыш- жаштардын көз карашында” Актуалдуу жаратылыш маселелери жана көйгөйлөрүн чечүүдө сенин ойлоруң ( видеоролик, плакат)Конкурс абдан мазмундуу, көргөзмөлүү өтүп,мыкты идеяларды чагылдыра алышты. Жыйынтыгында, жеңүүчүлөр аныкталып, дипломдор ыйгарылды.
















