Бул жолугушууга Талас облусунун жаш адвокаты, Талас мамлекеттик университетинин тарых жана укук таануу кафедрасынын мүчөсү жана Эрджиес университетинин жеке укук багытындагы (Частное право) докторанты Турсунбаев Бактыбек ийгиликтүү катышып келди.Үч күндүк интенсивдүү иштин жүрүшүндө Бактыбек аймактагы кесиптештери менен биргеликте Стратегиялык Форсайт боюнча иш алып барышты. Жолугушуунун башкы багыты форсайт-пландаштыруу болду. Катышуучулар PESTLE-анализди колдонуу менен аймактын 2050-жылга чейинки узак мөөнөттүү мүмкүнчүлүктөрүн жана тобокелдиктерин изилдешти.Мыйзамдын үстөмдүгүн (Rule of Law) бекемдөө: Юриспруденциядагы жана соттук процесстерди байкоодогу кеңири тажрыйбасын колдонуп, Бактыбек туруктуу өнүгүүнүн негизги фактору болгон Мыйзамдын үстөмдүгүн чыңдоо боюнча жигердүү сунуштарды берди.Бактыбекти мындай ийгилиги менен куттуктайбыз! Кыргызстандын укуктук секторун өнүктүрүүгө жана жаштардын потенциалын ишке ашырууга багытталган жаңы пландарынын ишке ашышына тилектешпиз!





