Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен 17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата “Мекеним сенден башталат” деген ураандын алкагында жөө жүрүш уюштурулуп , А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте маданий иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чарага облусубуздун алдынкы жаштары жана окуу жайлардын мыкты студенттери катышышты.
Алгач Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Н.К.Дарданов жалпы жаштарды майрамы менен куттуктап, окуудагы,иштериндеги ийгиликтерди каалады.
Бул майрамга Талас мамлекеттик университетинин студенттери активдүү катышышты. Окуу жайдын эки студенти Токтосунова Фируза (Р-20гр), Рыскулова Нагима (М-20гр) окуудагы жетишкендиктери, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Мактоо баракчалары менен сыйланышты.
Талас мамлекеттик университети алган сыйлыктары менен куттуктайт.






