Иш- чарага Талас мамлекеттик университетинин жамааты, студенттери жана областыбыздын мекеме жетекчилери, мектеп мугалимдери жана КУУнун бүтүрүүчүлөрү катышышты. Жалпы катышуучуларга ректор окуу жайдын тарыхына токтолуп, жетишилген ийгиликтер жөнүндө билдирүү жасады. Университет тууралуу видео-слайд тартууланды.
Талас мамлекеттик университетинин ректору Ж.С.Шаршембиевге, доцент Э.А.Уметовго КУУнун юбилейлик медалы тапшырылды.
Талас мамлекеттик университетине китептерди белекке беришти.
Жыйынтыгында, маданий программа тартууланды.
Иш-чаранын алкагында келген коноктор ТалМУнун жамааты , окуу корпустары, материалдык- техникалык базасы менен таанышып чыгышты.Ж.Баласагын атындагы КУУнун Таластагы кампусу боло тургандыгын белгилеп, мындан ары Талас мамлекеттик университетинин студенттери КУУнун дипломун алыша ала тургандыгын билдирди.









