Кыргыз Республикасынын. Президенти С.Н.Жапаров 2024- жылдын 18-декабрындагы «Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү Жарлыктын алкагында Талас мамлекеттик университетинде Талас облусунун сот кызматкерлери менен бирдикте “Уңгужолдогу мамлекеттик тилдин ролу” деген темада иш- чара болуп өттү.

Аталган иш-чарага Талас мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил, инфраструктураны өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректор, филология илимдердин кандидаты, доцент Кундуз Жунусалиева жана аталган университетинин мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы филология илимдеринин кандидаты , доцент Толкун Айталиевалар судьялар жана аппарат кызматкерлерине лекция окушту.

Өз баяндамаларында, Президенттин Жарлыгынын негизинде кандай иштер жүргүзүзүлүп жаткандыгы,мамлекеттик тил жана тил саясаты,тил баалуулуктары, ошондой эле кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү абалы, коомдогу орду, колдонулушу тууралуу айтып беришти.

Мамлекеттик тил сот иштерин алып барууда жана иш кагаздарын жүргүзүүдө расмий тил зарыл болбогон учурларда милдеттүү колдонулуучу тил. Кыргыз Республикасынын Конституциясында кабыл алынган макамына ылайык жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө ой бөлүшүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө лекторлор менен сот кызматкерлеринин ортосунда суроо-жооптор менен коштолуп, мамлекеттик тил тууралуу кеңири маалыматтар алынып, баяндамачыларга ыразычылыктар билдирилди.

Соңунда, Уңгу жол- бул сапаттуу билим, маданият жана биримдик жолу. Ал жолдо мамлекеттик тил биздин башкы тирегибиз, дем берип турган күчүбүз.

Бүгүнкү жаш муундун алдында чоң миссия турат: мамлекеттик тилди билүү гана эмес,аны өнүктүрүү, заман талабына ылайык байытуу, дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу, аны сактап өнүктүрүү ар бирибиздин ыйык парзыбыз,- деп жыйынтыктады К.Т.Жунусалиева.

Прокрутить вверх