2025-жылдын 26-декабрында Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында «Көгүлтүр от-2026» аттуу жаңы жылдык майрам болуп өттү.
Алгач ТалМУнун ректору Ж. С.Шаршембиев, проректорлор: А.К.Сурапов, К.Т.Жунусалиева, Кесиптик кошундун төрагасы Э.Абдырайымов жалпы кесиптештерди кирип келген жаңы жыл майрамы менен куттукташып, жаңы жылыбыз жакшылытарды алып келген жыл болсун деген каалоолорун билдиришти.Андан соң ТалМУнун өнүгүшүнө ар тараптан колдоо көрсөтүшкөн КР Талас обусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Э. Сейдикеримовага, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн социалдык иштер бөлүмүнүн башчысы […]










