Таластан Таласка: Достуктун маданий көпүрөсү!

Түркиянын Кайсери шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган «Түркиядагы Таластан Кыргызстандагы Таласка» аттуу маанилүү иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын уюштуруучулары: Талас муниципалитети (Talas Belediyesi) «Акмарал» кыргыз маданияты жана өз ара жардамдашуу коому (Akmaral Kırgız Derneği) жана Эржиес университетинин Түрк дүйнөсү музыкалык коомчулугу клубу (Erciyes Üniversitesi Türk Dünyası Müzik Topluluğu Kulübü).

Программа абдан мазмундуу жана таасирдүү болуп, жүрүшүндө кыргыз жана түрк музыкасын, бий, театрлаштырылган сценкаларды өзүнө камтыды жана биздин жалпы мурасыбызга болгон терең урмат-сыйды чагылдырды.

Учурда TIES (Turkey International Exchange Scholarship Program) алмашуу программасы боюнча Эржиес университетинде билим алып жаткан Талас мамлекеттик университетинин (ТалМУ) студенттери бул иш-чаранын жигердүү катышуучулары болгонуна өзгөчө сыймыктанабыз.

Анжелика Арсланова (@jan_lika_) и Медина Джуманова (@_djmnva._) концерттик программага активдүү катышып, эл аралык сахнада биздин маданиятыбызды татыктуу тааныта алышты.

Кечени уюштурууга жигердүү көмөк көрсөткөндүгү жана Түркиядагы студенттерибизге колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ТалМУнун окутуучусу жана Эржиес университетинин PhD докторанты Бактыбек Турсунбаевге терең ыраазычылык билдиребиз.

Эки боордош элдин ортосундагы байланышты өз ийгиликтери менен бекемдеп жаткан таланттарыбыз менен сыймыктанабыз!

Мындай маанилүү иш чараны уюштурган уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз! Сиздерге чыгармачылык ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалайбыз.

Из Таласа в Талас: Культурный мост дружбы!

В городе Кайсери (Турция) состоялось знаковое событие — вечер памяти великого писателя Чингиза Айтматова «От Таласа в Турции до Таласа в Кыргызстане».

Организаторами мероприятия выступили Муниципалитет Таласа (Talas Belediyesi), Кыргызское общество культуры и взаимопомощи «Акмарал» (Akmaral Kırgız Derneği) и Клуб музыкального сообщества Тюркского мира Университета Эрджиес (Erciyes Üniversitesi Türk Dünyası Müzik Topluluğu Kulübü).

Программа была насыщенной и вдохновляющей: она объединила в себе музыку, танцы, театральные сценки и выразила глубокое уважение к нашему общему наследию.

Мы особенно гордимся тем, что активными участниками этого события стали студенты Таласского государственного университета (ТалГУ), которые в данный момент обучаются в Университете Эрджиес по программе обмена TIES (Turkey International Exchange Scholarship Program).

Анжелика Арсланова и Медина Джуманова достойно представили нашу культуру на международной сцене, приняв активное участие в концертной программе.

Отдельную благодарность выражаем преподавателю ТалГУ и PhD докторанту Университета Эрджиес Бактыбеку Турсунбаеву за активное содействие в организации вечера и поддержку наших студентов в Турции.

Гордимся нашими талантами, которые своими успехами укрепляют связи между двумя братскими народами!

Огромное спасибо организаторам за этот невероятное мероприятие культуры и единства! Желаем вам творческих успехов, новых ярких событий и вечного процветания. Вы делаете великое дело, объединяя сердца и сохраняя наши общие ценности!

#ЧингизАйтматов#ТалГУ#ErciyesUniversity#TIES#Кыргызстан

Прокрутить вверх