2025-жылдын 26-декабрында Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында «Көгүлтүр от-2026» аттуу жаңы жылдык майрам болуп өттү.

Алгач ТалМУнун ректору Ж. С.Шаршембиев, проректорлор: А.К.Сурапов, К.Т.Жунусалиева, Кесиптик кошундун төрагасы Э.Абдырайымов жалпы кесиптештерди кирип келген жаңы жыл майрамы менен куттукташып, жаңы жылыбыз жакшылытарды алып келген жыл болсун деген каалоолорун билдиришти.Андан соң ТалМУнун өнүгүшүнө ар тараптан колдоо көрсөтүшкөн КР Талас обусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Э. Сейдикеримовага, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн социалдык иштер бөлүмүнүн башчысы Б.Т.Тагайматовага, Талас шаардык мэриясынын социалдык секторунун башчысы Г.Ш.Орозалиевага жана Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.А.Момоконовго ТалМУнун Ардак грамотасы ыйгарылды.

2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окуу жайда уюштурулган “Жыл мыктыларын аныктоо “ Жобосуна ылайык сынактын негизинде жеңүүчүлөр аныкталып, белектер структуралык бөлүмдөргө, кафедраларга, секцияларга, окутуучуларга белектер тапшырылды.

Жаңы жылдык майрам маданий программа менен коштолуп, окутуучулардын “Жибек чач” тобунун мүчөлөрү катышкан жалпы кесиптештердин көңүлүн көкөлөттү.

Прокрутить вверх