Некролог
Өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармагы, ошондой эле өндүрүш жана инженердик чөйрө орду толгус чоң жоготууга учурады.
Талас мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору”, техника илимдеринин кандидаты, доцент Абдырахманов Иманбек Асанович 2026-жылдын 9-февралында дүйнөдөн кайтты. Агайдын басып өткөн жолу, билим берүүгө жана мекендин өнүгүүсүнө арналган өрнөктүү өмүр жол болду.
Абдырахманов Иманбек Асанович 1954-жылы 25-октябрда Кыргыз Республикасынын Талас облусуна караштуу Көпүрө-Базар айылында төрөлгөн.
Билими:
1971–1976-жж. — Фрунзе политехникалык институтунун энергетика факультетин ийгиликтүү аяктаган.
1986-ж. — Москва шаарындагы НИИ ПЭЭОдо кандидаттык диссертациясын коргогон.
2011-ж. — доцент илимий наамын алган.
Агайдын өмүр жолу ири өндүрүш ишканалары менен тыгыз байланышта болгон:
1976–2002-жж. — Бишкек шаарындагы «Электротехник» акционердик коомунда инженер-конструктор, конструктордук бюронун жетекчиси жана техникалык бөлүмдүн башкы технологу болуп иштеген.
2002–2005-жж. — «Транс” улуттук корпорациясы «Дастан»» ишканасында эмгектенип, өндүрүштүк тажрыйбасын тереңдеткен.
1993–1996-жж. — Бишкек шаарындагы Илим жана жаңы технологиялар боюнча комитетте жетектөөчү адис болуп иштеген.
Абдырахманов Иманбек Асанович илимий ишмердүүлүктү жигердүү жүргүзүп:
1994–2005-жж. — Кыргыз Республикасынын УИАсынын Машина таануу институтунда илимий кызматкер болуп иштеген.
Талас мамлекеттик университетинде көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, 2001-жылы түзүлгөн «Жерде жүрүүчү транспорт жана транспорттук процесстердин технологиясы» кафедрасын жетектеген.
Ал жаш муундарды тарбиялоого, инженердик билимди өнүктүрүүгө жана студенттерге терең илимий негизде сабак берүүгө зор салым кошкон.70тен ашуун илимий макалалардын автору, 30дан ашуун методикалык көрсөтмөлөрдү даярдаган, бир нече окуу куралдарын жана колдонмолорду жазган,
илимий-өндүрүштүк жаңылыктары үчүн бир нече ойлоп табуу патенттеринин ээси.
“Өмүр бизден өтүп кетсе да, эл эмгектен эскерсин” — демекчи , сиздин жасаган эмгегиңиз, өмүрүңүз биз менен жашай берет.
Абдырахманов Иманбек Асановичтин адамгерчилиги, кесипкөйлүгү, эмгекчилдиг жана жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына, кесиптештерине жана студенттерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгысын тең бөлүшөбүз.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Арты кайырлуу болсун.
Талас мамлекеттик университетинин ректораты, жалпы профессордук- окутуучулар жамааты.


