Россия-Кыргызстан: тил, предмет, билим берүү
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстары “Россия-Кыргызстан: тил, предмет, билим берүү” долбоорунун негизинде Талас облусунун мугалимдерине жана ТалМУнун окутуучуларына 28-ноябрда старт алды.
Бул курстар 2-декабрга чейин уланмакчы. Курсту А.И.Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин окумуштуу-окутуучулары өтүп жатышат.
Долбоор орус-кыргыз кызматташтыгынын өкүлчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын Нарын, Талас облусунун усулдук борборунун алкагында уюшулган.
Долбоордун максаты: жергиликтүү мугалимдердин предметтер боюнча квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу.