“2017-жыл Ыйман адеп жана маданият жылына” карата Талас мамлекеттик университетинин башкы имаратындагы жыйындар залында 31-мартта облусттук деңгээлде кыргыз элинин руханий жана адеп, ыйман баалуулуктарын коомчулукка кеңири жайылтуу максатында “Ыймандуулуктун генезиси”, “Адептүүлүк жактан тазалык” деген темада ТалМУнун ардактуу ардагери, ф.и.к., доцент ” Ыйман сабагынын ” авторлорунун бири М.М.Калманбетов өзүнүн ачык лекциясын окуду.
Бул иш-чарага КРнын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д.А.Кенекеев, Талас облусттук усулдук борборунун директору Т.К.Тилекматов, ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов, профессордук-окутуучулар курамы, облусттук жана шаардык мектептерден адеп сабагынан берген мугалимдер, мекеме-уюмдардын өкүлдөрү, агро-экономикалык колледжинин окутуучулары жана ТалМУнун студенттери ж.б. катышты.