Талас мамлекеттик университети 2017-2018- окуу жылына төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алууну жарыялайт
Талас мамлекеттик университетинин негизги милдеттеринин бири-келечектен көптү үмүттөндүргөн биздин жаштарга терең билим берүү менен аларга бардык шарттарды түзүп берүү жана аларды өзү тандаган кесиптердин ээси болууга багыттап даярдоо.
Учурда окуу жайдагы билим берүү заманбап технологиялардын негизинде жүргүзүлүп, европалык Болон процессинин стандарттарына ыңгайлашкан. Университетте 7 окуу корпусу, 2 жатакана, 14 компьютердик класс, 5 илимий-методикалык китепкана иштейт. Бардык окуу корпустарында кабелсиз байланыштагы Интернети, Wi-Fi коюлуп, жаңы IT технологиялар менен жабдылган окуу аудиториялары, кабинеттери, адистештирилген лабораториялар уюштурулган. Бүгүнкү күндө ТалМУ чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары: Испаниянын Лас Пальмас университети, Германиянын Кобленц Ландау университети, Румыниянын Александр Лоан университети, Индиянын КИИТ университети, Түркиянын Анадолу университети, коңшулаш Казахстандын Чокан Валиханов университети, Россиянын Алтай университети ж.б. көптөгөн окуу жайлары менен кызматташып келет.
Талас мамлкеттик университети төмөнкү багыттар боюнча гранттык (бюджеттик), контрактык (4 жыл) жана аралыктан окутууга (дистанттык – 5 жыл) абитуриенттерди кабыл алууну жүргүзөт:
Табият таануу жана педагогика факультети
№ | Шифр | Даярдоо багыттары, адистиктер | Окуу формасы | Талап кылынуучу тесттер |
1
|
550700 | Педагогика | ||
Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы | күндүзгү, дистанттык | негизги тест,тарых же биология | ||
Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы | күндүзгү, дистанттык | негизги тест, тарых же биология | ||
2 | 550200 | Физика – математикалык билим берүү | ||
Математика | күндүзгү, дистанттык | негизги тест, математика | ||
Информатика | күндүзгү, дистанттык | негизги тест, математика же физика | ||
Физика | күндүзгү | негизги тест, физика | ||
3 | 550100 | Табигый – илимий билим берүү | ||
Биология | күндүзгү, дистанттык | негизги тест, биология | ||
Химия | күндүзгү | негизги тест, химия | ||
География | күндүзгү, дистанттык | негизги тест | ||
4 | 520800 | Экология жана жаратылышты пайдалануу | ||
Экология | күндүзгү, дистанттык | негизги тест, химия же биология | ||
5 | Айыл – чарба бакалавры | күндүзгү | негизги тест |
Гуманитардык факультет
№ | Шифр | Даярдоо багыттары, адистиктер | Окуу формасы | |
1 | 550300 | Филологиялык билим берүү | ||
Англис тили | күндүзгү | негизги тест, англис тили | ||
Кыргыз тили жана адабияты | күндүзгү, дистанттык | негизги тест, тарых | ||
Орус тили жана адабияты | күндүзгү, дистанттык | негизги тест, кыргыз тили | ||
Немис тили | күндүзгү | негизги тест | ||
2 | 550400 | Социалдык – экономикалык билим берүү
Тарых |
күндүзгү, дистанттык | негизги тест, тарых |
Технология-экономикалык факультет
№ | Шифр | Даярдоо багыттары, адистиктер | Окуу формасы | |
580100 | Экономика | |||
1 | Каржы жана кредит | күндүзгү, сырттан | негизги тест, математика | |
Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит | күндүзгү, сырттан | негизги тест, математика | ||
2 | 670300 | Транспорттук процесстердин технологиясы | ||
Жол кыймылынын коопсуздугу жана уюштуруу | күндүзгү, дистанттык | негизги тест, физика | ||
670100 | Жерде жүрүүчү транспорттук техникалык машиналар жана комплекстер | күндүзгү, дистанттык | негизги тест, физика | |
670200 | Транспорттук техникалык машиналарды жана комплексттерди эксплуатациялоо | күндүзгү | негизги тест, физика | |
3 | 710200 | Информациялык системалар жана технологиялар | күндүзгү,
дистанттык |
негизги тест жана физика же математика |
710300 | Колдонмо информатика | күндүзгү | негизги тест, физика же математика | |
4 | 640200 | Электроэнергетика жана электротехника | күндүзгү | негизги тест, физика |
5 | 520400 | Социалдык иш | күндүзгү | негизги тест, тарых |
6 | 580200 | Менеджмент | күндүзгү, дистанттык | негизги тест, математика |
550800 | Кесиптик билим берүү | күндүзгү | негизги тест |
Орто кесиптик билим берүү бөлүмү (колледж)
№ | Адистиги | Окуу формасы |
1 | Башталгыч класстарга билим берүүнүн педагогикасы | күндүзгү, сырттан |
2 | Электр менен камсыздоо | күндүзгү |
3 | Информацияны иштетүүнүн автоматташтырылган системасы жана башкаруу | күндүзгү |
4 | Экономика жана бухгалтердик эсеп | күндүзгү, сырттан |
5 | Укук таануу | күндүзгү,сырттан |
6 | Китепкана таануу | күндүзгү, сырттан |
7 | Мектепке чейинки билим берүү | күндүзгү, сырттан |
8 | Автомобиль транспортторун оңдоо жана техникалык жактан колдоо | күндүзгү |
9 | Дене тарбия | күндүзгү |
10 | Технология (эмгек) | күндүзгү |
11 | Социалдык педагогика | күндүзгү |
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2017-жылдын 20-июнунан башталат. ТалМУнун колледжине абитуриенттерди кабыл алуу 9-класстын жана 11-класстын базасында, ал эми университетке кабыл алуу жалпы респуликалык тестирлөөнүн (ОРТ) жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт.
Аз камсыз болгон студенттерге, жетимдерге, көп балалуу үй-бүлөдөн келген студенттерге университет тарабынан социалдык жактан колдоолор көрсөтүлүп турат, башкача айтканда контракттан 50% чейин жеңилдиктер каралган.
ТалМУга тапшыруу үчүн төмөнкүдөй документтер талап кылынат:
- Абитуриенттинректордуннаамынажазганарызы;
- Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты;
- Ортобилимижөнүндөгүмамлекеттикүлгүдөгүдокументтер (аттестат, диплом);
- №086-У формасындагымедициналык справка;
- Паспорт же башка документтердинкопиясы (күбөлүк, ID –карт ж.б.);
- 3х4 өлчөмүндөгү 6 даанасүрөт.
- Документтердикабылалуудареги:Талас шаары,К.Нуржанов көчөсү№25, аудитория 101.
- Байланыш телефондору: 5-20-69, 5-37-98, 5-26-88, (0770402757, 0700402759).
- Абитуриенттерге арналган «Ачык эшиктер күнү» 2017-жылы 27-апрелде саат 10:00 до ТалМУнун чон залында өткөрүлөт.
ТалМУ – Сиздин келечегиңиз!