11 декабрда DEFA- Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда финансылык автономияны жогорулатуу долбоорунун алкагында семинар өттү.

11 декабрда DEFA- Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда финансылык автономияны жогорулатуу долбоорунун алкагында Талас мамлекееттик университети Эл аралык Жогорку Медициналык мектеби менен бирдикте “Финансылык пландаштырууну ишке ашыруу. Жогорку окуу жайларда киреше булактарын диверсификациялоо” деген темада семинар уюштурду. Семинардын максаты: .Каржылык пландаштыруу ыкмаларын жана университеттер үчүн киреше булактарын диверсификациялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу. ТалМУнун ректору Шаршембиев Ж.С. семинарды ачып, катышуучуларга куттуктоо сөз айтты. Семинарга жогорку окуу жайларынын ректорлору, проректорлору, ДЕФА долбоорунуна катышкан окуу жайлардын жумушчу топтору катышышты. ТалМУнун башкы бухгалтери Чыныбаева Г.Э жана Эл аралык жогорку медицина мектебинин башкы финансисти Стамалиев баяндама жасашты. Баяндамадан киийн кызыккан суроолорго жооп алынды. Ошондой эле окуу жайларды каржы булактрынын кенейтуунун жолдору жана каржылык пландаштыруу жөнүндө кенен талкуу болду. Семинарга ТалМУнун ДЕФА долбооруна катышкан жумушчу тобу катышышты.

Прокрутить вверх