Алгач ТалМУнун ректору тех.и.д.,проф. Ж.С.Шаршембиев ачып , куттуктоо жолдоп, бир жыл ичиндеги жасалган иштери боюнча жалпы профессордук-окутуучулар жамаатына маалымат берди.
Кеченин экинчи бөлүгү ТалМУнун “Жыл мыктыларынын Жобосуна “ ылайык сынакка катышып, жеңген окутуучуларга сыйлык тапшыруу менен коштолду. “Мыкты факультет”, “Мыкты структуралык бөлүм”, “Мыкты кафедра” “Мыкты секция” номинациясынын жеңүүчүлөрүнө телевизор, компьютер,принтер, экинчи, үнчү орундарга принтер, “Мыкты доцент”, “Мыкты окумуштуу”, Мыкты аспирант- изденүүчү”,” Мыкты ага окутуучу”, “ Мыкты окутуучу”, “Мыкты куратор” номинация ээлерине ноутбук, экинчи , үчүнчү орун алгандарга проекторлор тапшырылды.
Жыйынтыгында, көңүлдү көкөлөткөн майрамдык маанай тартуулаган маданий программа тартууланды.




















