Талас мамлекеттик университетинин алдындагы Д. Казакбаев атындагы илимий китепканасынын кызматкерлери жана институттун алдындагы колледждердин окутуучулар жамааты китеп көргөзмөсүн уюштурушту. Анда студенттер тарабынан китептин макеттери жасалып, көркөм, илимий, окуу китептерин чагылдырган, балдарды окууга үндөгөн чакырыктар менен кооздолгон китептер коюлган.
Студенттер тарабынан өздөрүнүн калеминен жаралган ырларын көркөм окушуп,эл-жерин даңазалаган обондуу ырларды жаңыртып, кымча бел кыздар бийлерин тартуулашты.
Жыйынтыгында, мыкты аткаруучуларга уюштуруучулар тарабынан китептер белекке берилди.


















