Талас мамлекеттик университетинин ректораты, профессордук-окутуучулар жамааты ТалМУнун “Ардактуу профессору”, окумуштуу, филология илимдеринин доктору , профессор Ибрагимов Суйунбек Ибрагимовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен үй-бүлөсүнө. жана жакындарына көңүл айтабыз.
Кайрат кылыңыздар!
Кыргыз тилинин синтаксиси, орус, немис, англис тилдеринин салыштырма типологиясы, жалпы тил илими, тил жана маданияттын байланыш маселелерине арналган көптөгөн илимий эмгектердин жана макалаларын автору.
“Өмүр бизден өтүп кетсе,эл эмгектен эскерсин” демекчи, сиздин жасаган эмгегиңиз жалпы кесиптештериңиздин, элдин эсинде сакталмакчы.
Биз , сизди эч качан унутпайбыз!
Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!
