2025 жылдын 25-июнунда Талас мамлекеттик университетинде – Мектепке чейинки билим берүү адистигинде “БӨБӨКТӨР АКАДЕМИЯСЫНЫН” САЛТАНАТТУУ АЧЫЛЫШЫ!

Педагогика жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунун Педагогика кафедрасы жана Педагогикалык колледждин профессордук-окутуучулар курамынын демилгеси менен түзүлгөн “Бөбөктөр академиясы” аттуу лабораториялык борбор салтанаттуу ачылып, балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүүчү иш-аракеттер менен башталды.

✂️ Ачылыш аземин университеттин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Жыргалбек Сабырбекович Шаршембиев расмий ачып берип, бул борбор жаш муундун өнүгүүсүнө жана чыгармачылыгына чоң өбөлгө болоорун белгиледи. Окуу жайдын жетекчилери, окутуучулар, ата-энелер жана чакырылган коноктор да өз куттуктоолорун билдиришти.

👩‍🏫 Иш-чаранын жүрүшүндө кафедралардын окутуучулары бөбөктөр үчүн практикалык мастер-класстарды өтүштү:

• Эсекеева Раушан – “Муз тамчылары” темасында STEAM методикасы аркылуу тажрыйбалык сабак өттү;

• Асилбек кызы Каным – Арт-терапия боюнча сабак өтүп, балдар жамгыр тамчыларын жалбыракка элестетип сүрөткө түшүрүштү;

• Калманова Бубусара (Педагогикалык колледж) – балдар менен чүкө оюну аркылуу логикалык ой жүгүртүүнү жана стратегиялык ойлоону өнүктүргөн сабакты ишке ашырды.

🧠🎲 Сабактар кызыктуу оюн түрүндө уюштурулуп, шахмат, чыгармачылык, илимий изилдөөлөр жана кол өнөрчүлүк аркылуу балдардын аң-сезимин, креативдүүлүгүн жана практикалык көндүмдөрүн арттырды.

👧🧒 Бул лаборатория – балдардын интеллектуалдык, эмоционалдык жана социалдык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү заманбап эксперименттик аянтча болуп калат!

👧🧒 Иш-чарада ар түрдүү интерактивдүү оюндар, шахмат, логикалык тапшырмалар, арт-терапия элементтери колдонулуп, бөбөктөр активдүү катышып, таасирдүү маанайда болушту.

“Бөбөктөр академиясы” – бул жөн гана окуу борбору эмес, бул – баланын интеллектуалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө багытталган жаңы дем, ишенимдүү кадам!

#ТалМУ#ПедагогикаКафедрасы#ПедагогикалыкКолледж#БөбөктөрАкадемиясы#STEAM#АртТерапия#ЧүкоОюну#БилимБерүү#ЖаңыДем#ИнновациялыкОкутуу

Прокрутить вверх