Кыргызстан Аялдар Конгресси кыргыз аялдарынын социалдык-экономикалык жана маданий жактан ар тараптуу өсүп-өнүгүшүнө салым кошууда орду зор. Форумдун алкагында санариптештирүү багытында аялзатынын өсүп-өнүгүүсү үчүн кыргыз-кытай борбору түзүлдү. Түзүлгөн борбор Кыргызстандын 7 облусунан келген Кыргызстан аялдар конгрессинин мүчө топторуна 7 даанадан ноутбуктарды тапшырышты.Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык-юридикалык институтунун мамлекеттик тил кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты 7 даана ноутбукка ээ болушту. Келечекте ТалМУда. санариптештирилген кыргыз-кытай борборунун иши жанданып,
чөлкөмдөгү аялзатынын цифровизация ааламына активдүү катышуусуна болгон кадамдары активдештирилет деген ишеним артабыз. Сөздүн соңунда Кыргызстан Аялдар Конгрессинин Президенти Замира Акбагышовага, Кыргызстан аялдар конгрессинин мүчө-координатору Ниясалиева Рахат Анарбековнага ыраазычылык билдиребиз.






