2025- жылдын 1-июль айында ММПУ, ЮНЕСКО жана Талас мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ТалСу сайтынын студенттик бөлүмүнө, студенттик жашоо, мамилелер жана ден соолук тууралуу «Ойло» чат боту киргизилди.

ОЙЛО деген эмне?

«ОЙЛО»— бул студенттерге ден соолук, мамилелер, психо-эмоционалдык абал жана күнүмдүк жашоодогу суроолор боюнча жардам берген анонимдүү чат-бот.

«ОЙЛО» күнү-түнү, жума күнү да 24/7 иштейт. Кыргызча жана орусча тилдерде жеткиликтүү.

Эмне үчүн бул студенттер үчүн маанилүү?

Университет — бул жаңы сыноолордун убагы.

«Ойло» төмөнкүлөргө жардам берет:

-Стресстин деңгээлин төмөндөтүүгө;

-Чынчыл жана боорукер жоопторду алууга;

-Кыйынчылыктар менен жалгыз калгандай сезбөөгө.

Мунун баары — анонимдүү, акысыз жана эч кандай сын-пикирсиз.

Сайт студенттерге жол көрсөтөт.

Прокрутить вверх