Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери Талас мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушушту.Алгач сөздү Талас мамлекеттик университетинин окуу жана илимий иштер боюнча проректору,техника илимдеринин кандидаты, доцент Сурапов Анаркул Кудайбердиевич ачып, келген конокторду тааныштырып, иш-чаранын жүрүшүнө ийгилик каалады.Миграциянын тобокелдиктери жана чет өлкөлөрдө коопсуз ишке орношуу принциптери боюнча маалыматты Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жарандарды ишке орноштуруу жана мигранттардын укугун коргоо башкармалыгынын начальниги Байсопуев Арслан Кабылович , Адам сатуунун тобокелдиктери жана эмгек укуктарынын коргоону алдын алуу боюнча миграциялык ресурстук борборунун эксперти Жеңишбеков Кеңешбек маалымат беришти. Андан соң Талас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Джанчыкулов Кадыр Анарбекович келген конокторго ыраазычылык билдирүү менен, азыркы учурда көп кездешүүчү мыйзамсыз миграция тууралуу кызыктуу фактылар менен тааныштырды.Катышуучулар тарабынан кызыккан суроолорун беришип, жоопторду ала алышты.












