Талас мамлекеттик университетинде (ТалМУ) 2026-жылы мамлекеттик заказга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кайрадан окутуу жана квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүүгө окутуучулар / машыктыруучуларды тандап алуу конкурсу жарыяланат!Окутуучунун/машыктыруучунун квалификациясына ылайык тандоо критерийлери:Билим деңгээли, илимий даражасынын же илимий наамынын болушу;Билиминин тандалган курстун багытына, тематикаларына дал келиши;Мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген тажрыйбасынын болушу;Окутуучулук/машыктыруучулук ишмердүүлүктө 2 жылдан кем эмес тажрыйбасынын болушу;Илимий-усулдук иштелмелеринин, илимий басылмаларынын жана эмгектеринин болушу;Тандоо критерийлерине жооп берген университеттин штаттык окутуучулары конкурстук тандоодо артыкчылыкка ээ болушат.Тажрыйбасын жана тандалган багытка дал келүүсүн тастыктоону талап кылган документтердин тизмеси (сканерленген көчүрмөлөрү, архивделген түрдө):Окутуучудан/машыктыруучудан конкурстук тандоого катышуу жөнүндө арыз (эркин формада), тандалган курстун аталышын көрсөтүү менен;Резюмеси толук түрдө (анын ичинде тренингдерди/курстарды өткөрүү тажрыйбасын, иштеп чыккан окуу-усулдук колдонмолорун, илимий басылмаларын жана башка эмгектерин тастыктаган маалыматтарды көрсөтүү менен);Тиешелүү билиминин, илимий даражасынын бар экендигин тастыктаган документтер; тандап алган курстардын/темалардын багыты боюнча сертификаттар. Кошумча маалымат: Курстар Талас мамлекеттик университетинин базасында өткөрүлөт.Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 24-ноябрынан 5-декабрына чейин.Документтерди тапшыруу үчүн жана бардык суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылсаныздар болот: Талас шаары, Мырзалиев көч., 35, ТалМУнун 5- имараты, 1-этаж, 101- бөлмөсү. Координатор-Укуева Айсалкын Калмурзаевна (0555860545 ватсапп, 0708860545, email: aisalkin2010@mail.ru)

