Эл агартуу кызматкерлеринин күнүнө карата 2025-жылдын 3- октябрында мугалимдер күнү белгиленди. Алгач ТалМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору А.К.Сурапов жалпы профессордук-окутуучулар жамаатын куттуктап, ыйык кесип ээлерине ийгилик каалады.
ТалМУнун “Жыл мыктыларын аныктоо” жобосуна ылайык “Мыкты доцент”, “Мыкты ага окутуучу”, “Мыкты окутуучу” номинациясынын жеңүүчүлөрүн жана студенттерге билим берүүдө талыкпаган эмгектери үчүн окутуучулар сыйлыктарга ээ болушту.
КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Талас шаардык мэриясынын жана депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Ардак грамоталары , баалуу белектери менен сыйланышты.
Жыйынтыгында, маанайды көтөргөн маданий программа тартууланды.













