13-ноябрь, 2025-жыл.

Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу

Жарлыгынын алкагында Талас мамлекеттик университетинин Агробизнес, биоэкология жана туризм институтунун, Агробизнес жана биоэкология кафедрасынын Гео-23 тайпасынын студенттери, куратору Садыралиева Назгуль Иманбекованын уюштуруусунда “Адеп – үй-бүлөнүн башаты” темасында иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөдөгү адеп-ахлактын орду, руханий баалуулуктарды калыптандыруу, жаштардын моралдык жоопкерчилигин жогорулатуу сыяктуу маанилүү маселелер талкууланып, студенттер тарабынан сахналаштырылган көрүнүштөр, ой-толгоолор жана баяндамалар көрсөтүлдү.

Иш-чарага ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.к., доцент Жунусалиев К.Т.

* Талас облустук антикоррупциялык элдик көзөмөл коомунун төраганын орун басары Эсенаманов У.О.

* Агробизнес, биоэкология жана туризм институтунун директору, б.и.к., доцент Ташибекова Замира Мазеловна

* Агробизнес жана туризм колледжинин директору Ташматова Ж.Т.

* Бектур Исаков атындагы окуу-тарбия комплексинин директору Секимова М.А.

* КП-1-25 тайпасынын студенттери, куратору Мураталиева Н.Д.

* КГР-1-25 тайпасынын студенттери, куратору Акматова Э.А.

* КДО-1-25 тайпасынын студенттери, куратору Наржигитова А.Ж.

Ошондой эле институттун ПОЖ курамы жана жалпы студенттер активдүү катышышты.

Иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлүп, катышуучуларга терең таасир калтырды. **Жыйынтыгында иш-чара өз максатына толук жетип, жаштар арасында адеп-ахлактык маданиятты бекемдөөгө чоң жардамын тийгизмекчи.

Прокрутить вверх