Алгач ТалМУнун ректору Ж.С.Шаршембиев студент жаштарды майрамы менен куттуктап,
азыркы учурда мамлекетибиздин экономикалык, социалдык, маданий тармактарынын өнүгүшүнө жаштарыбыздын кошкон салымыңар зор, силер элдин ырыскысы, мамлекеттин тирөөчү, ишеничисиңер! Ошондуктан келечек жаштардан көп нерсени күтөт. Биз заманбап билимге ээ, билимдүү, илимдүү, тарбиялуу, рухий чабыты кенен, креативдүү жаштарга таянып гана өнүгө алабыз, -деди. Андан соң окуу жайдагы окуудагы жетишкен ийгиликтери жана маданий иштерге катышкан активдүү студенттерге ТалМУнун диплом, грамоталары тапшырылды.
Майрамды утурлай университет ичинде конкурс уюшулуп, жеңүүчү командаларга диплом,акчалай сыйлык тапшырылды.













