2025-жылдын 28-ноябрында К.Медетбеков атындагы музыкалык драмтеатрында Президентибиздин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик: уңгужолу” Жарлыгынын алкагында “Кыргыздын “уңгужолундагы” эрдиктери менен даңазаланган ата- бабаларыбыз Эр Солтоной, Хан Садыр , Нүзүп бийдин тарыхтагы изи” аталышында эл аралык деңгээлде илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга республикабыздагы ЖОЖдордон, коңшулаш жана чет мамлекеттерден да онлайн, оффлайн формасында катышышып, куттуктоолорун айтып, илимий баяндамаларын окушту.

Конференцияны ТалМУнун ректору Ж.С.Шаршембиев ачып , илимий-практикалык конференция ийгиликтүү, жемиштүү натыйжаларды берсин деген тилегин билдирди. Сөз Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Э. Сейдикеримовага берилип, Жарлыктын негизинде облусубузда бир топ иш- чаралар: конференциялар, көргөзмөлөр, конкурстар, тегерек столдор болуп жаткандыгын белгилеп, конференциянын ишине ийгилик каалады.

Келген коноктор куттуктоолорун айтышып, пленардык бөлүмдө үч илимий макала окулду. Андан соң ТалМУнун түптөлүшүнө, өнүгүшүнө салым кошкон жетекчилерге , окутуучуларга

“ ТалМУнун Ардактуу профессору” төш белгиси ыйгарылып, министрликтин ыраазычылык каттары, ТалМУнун жыл жыйынтыгынын негизинде өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.

Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн сыйлыктары “ Улуттук уңгужолуна” жигердүү салым кошкон облусубуздун кызматкерлерине тапшырылды. Секциялык иштер жүргүзүлүп, майнаптуу жыйынтыкталып, сунуштар айтылып ,резолюция кабыл алынды. Жыйынтыгында, драмтеатрдын өнөрпоздору өнөрлөрүн тартуулап, коноктордун көңүлүн көкөлөтүп, маанайларын көтөрдү.

Конференцияны Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Талас мамлекеттик университети уюштурушту.

Прокрутить вверх