Бүгүн 16-декабрда Талас ОИИБнын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын негизинде “Жаштарды тарбиялоодогу улуттук нарк-насил, руханий адеп-ахлактын негизги багыттары” темасында семинар уюштурулду.

Семинарга Талас мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил, инфраструктураны өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору , ф.и.к, доцент Кундуз Жунусалиева, Мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы ф. и.к, доцент Толкун Айталиева , Гуманитардык-юридикалык институттун директору, т.и.к, доцент Жылдыз Абдиева жана Жаштар саясаты жана коррупцияга каршы бөлүмүнүн башчысы, окутуучу Усеин Эсенаманов катышышты. Семинарды Талас ОИИБдин башчысынын орун басары Азамат Садырбаев ачып, келген коноктор менен тааныштырып, бул мезгилге чейин окуу жай менен түздөн-түз байланышып, кызматташып келгендигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин “Колдоо көрсөткөндүгү үчүн” медалы жана ыраазычылык каттарын тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө чакырылган окумуштуулар жаштарды тарбиялоодогу улуттук нарк-насил, руханий адеп-ахлактын негизги багыттары, мамлекеттик тилдин ролу жана коррупцияга каршы күрөшүүдөгү аракеттер жөнүндө лекцияларды окушуп, слайддар менен тааныштырышты.

Уңгужолдун негизги максаты — мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу.

Жыйынтыгында келген конокторго Талас ОИИБнын атынан ыраазычылык айтылды.

Прокрутить вверх