2025-жылдын 13–14-декабрь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында “IQ LAND” ассоциациясы тарабынан уюштурулган Эл аралык англис тили боюнча олимпиадага Талас мамлекеттик университетинин алдындагы КРнын эл мугалими Б.Исаков атындагы окуу-тарбия комплексинин окуучулары катышышты.

Иш-чарага Дуйнолук тилдер кафедрасынын окутуучусу Качкынбаева Жаңыл Жолунбековна окуучуларды жетектеп алып барды.

Олимпиадада окуучулар мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү:

•⁠ ⁠8-класс:

🥇 Адигинеев Эрбол — 1-орун

🥈 Идирисов Асим — 2-орун

•⁠ ⁠9-класс:

🥈 Анарбекова Раяна — 2-орун

•⁠ ⁠11-класс:

🥈 Эсенбекова Ханыша — 2-орун

🥉 Конулов Эмин — 3-орун

Бул жетишкендиктер окуучулардын билимин жана мугалимдин үзүрлүү эмгегин дагы бир ирет тастыктады. Олимпиадада ийгиликке жеткен окуучуларды жана жетекчисин куттуктайбыз!

Прокрутить вверх