2025-жылдын 18-декабрында Талас мамлекеттик университетинин жана колледждин студенттери үчүн Ч.Айтматовдун чыгармаларынын текстин билүү боюнча сынак өткөрүлдү.

Уюштуруучулар Талас мамлекеттик университети, КРнын Эл мугалими Бектур Исаков атындагы окуу-тарбия комплекси жана орус тили мугалими Назаркулов Автандил.

Сынактын максаты- студенттер арасында китеп окуунун кадып-баркын,маданиятын жогорулатуу,Айтматовдун адабий мурасын жайылтуу жана анын китептерин окууга кызыктыруу болду.

Сынак 3 тур менен өттү.

1- турдун жыйынтыгы менен алдынкы упай алган катышуучуларга сертификат, 2- турдан мыкты билгичтигин тастыктап,алдыга суурулуп чыккан 3 финалчы 1,2,3- даражадагы дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Натыйжада томонку катышуучулар байгелүү орундарга ээ болушту:

1. Жолдош кызы Наргиза

1-орун ГЮИ, К-1-24 гр

2. Асанбеков Мыктыбек 2-орун , АБТИ, Гео-1-23гр;

3. Итикеева Динар ГЮИ , К-1-24 гр.

Иш-чаранын соңунда ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Жунусалиева Кундуз Тотоновна жеңүүчүлөрдү куттуктап, китеп окууну адатка айлантууну,Ч.Айматовдун чыгармалары дүйнө таанымдарын жогорулатууга чоң мүмкүнчүлүк экенин ,аракетчил,дымагы күчтүү жаштарды кең келечек күтүп турарын баса белгиледи.

Ошону менен бирге университет деңгээлиндеги ушундай иш -чараны уюштурууну демилгелеген Автандил Арстанбековичке жана Б.Исаков атындагы окуу -тарбия комплексинин педагогикалык жамаатына ийгилик каалады.

Жаштар арасында китеп окуу маданиятын жогорулатууга багытталган иш -чаранын мазмундуу өтүшүнө өбөлгө түзүп, колдоо көрсөткөн ТалМУнун жетекчилигине Б.Исаков атындагы окуу комплексинин жамааты ыраазычылык билдиришти.

Прокрутить вверх