Бириккен кесиптик кошун

019Абдырайымов Эркинбек Абдылдаевич                                                           

бириккен кесиптик кошундун төрагасы, билим, илим профсоюзунун мыктысы

Талас мамлекеттик университетинин бириккен кесиптик кошуну – университеттин жамаатынын эмгектик, кесиптик, окуу, социалдык- экономикалык жана башка укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ишке ашыруу максатында кызматкерлерди ыктыярдуу башталышта баш коштурган өз алдынча көз карандысыз коомдук уюм. Бул максаттар ТалМУнун жамаатына тиешелүү бардык маселелерди ачык-айкын, жандуу талкуулоонун негизинде профсоюздук жыйналыштарда жалпы чечимдерди иштеп чыгуу жана аларды турмушка ашыруу аркылуу ишке ашырылат.

ТалМУнун бириккен кесиптик кошуну өз ишмердүүлүгүн билим берүү жана илим кызматкерлеринин борбордук комитетинин уставынын жана ректорат менен түзүлгөн жамааттык келишимдин негизинде жүргүзүүдө.

Университеттин кесиптик кошунунун ишмердигинин башкы мазмуну жана негизги стратегиялык багыты — эмгек тартибин бекемдөө, кызматкерлерди социалдык-экономикалык жактан коргоо жана аларга колдоо көрсөтүү, кызыкчылыктарын билдирүү жана укуктарын коргоо, жумушчу орундардын коопсуздугуна шарт түзүү, жамааттын эс алуусун уюштуруу, маданий-массалык жана спорттук ден соолукту чыңдоо иштерин жүргүзүү.

021Талас мамлекеттик университети уюшулган күндөн тартып бириккен кесиптик кошуну да түзүлгөн. Кесиптик кошундун төрагалары катары 1996 – 2001-жылдары Б.А.Молдокулов, 2002 – 2005-жылдары О.Р.Расылканов, 2005 – 2010-жылдары З.Т.Акматалиев эмгек мыйзамдарына жана кесиптик кошундун уставына ылайык алгылыктуу иштерди жүргүзүп, үзүрлүү эмгек өтөшкөн.

Профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча активдүү иштери үчүн “Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын мыктысы” төш белгиси менен З.Т.Акматалиев, Э.А.Абдырайымов, ошондой эле борбордук комитеттин ардак грамотасы менен Ж.С.Масалбеков, К.А.Стамалиевалар сыйланышкан.

2013-жылы КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу өткөргөн “Жылдын мыкты лектору” конкурсунда аталган наамга математика кафедрасынын доценти К.А.Стамалиева жогорку окуу жайлардын окутуучулары арасынан байгелүү 1-орунга ээ болду.

Жамаатык келишимде көрсөтүлгөндөй, илимий ишин коргоого чыккан диссертанттарга илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн  60 миң сом, ал эми илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн 100 миң сом акчалай сыйлык берилет. Андан тышкары илимий даражасын тастыктаган дипломдорун колго алган кезде үч же беш айлык өлчөмүндө айлак маянасы сыйлык катары берилип келет. ТалМУнун бул иш-аракетине профсоюз комитети дагы колдоо көрсөтүп, илимдин кандидаты даражасын алган кошундун мүчөсүнө 2000 сом, ал эми илимдин доктору даражасын алган кошундун мүчөсүнө 5000 сом жана ардак грамота менен сыйлап келет. Ушундай ийгиликтерге акыркы 6 жыл ичинде 18 илимдин кандидаты, 2 илимдин доктору ээ болушту жана жогоруда айтылган материалдык сыйлыктар берилди.

ТалМУда көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерибиздин юбилей-мааракелери белгиленип, алардын 50, 60, 70, 80 жаш курак тойлорунда ататйын куттуктоо китепчелери жана баалуу белектер менен сыйланат.

020Профсоюз ишмердигиндеги маанилүү орунду профсоюз мүчөлөрүнүн эс алууларын жана алардын ден соолуктарын чыңдоону уюштуруу иштери ээлейт. Акыркы жылдарда кызматкерлерибиз көгүлтүр Ысык-Көлдө, Ысык-Ата, Сары-Челек курортторунда эс алууда болушту. Кызматкерлердин балдарынын жайкы эс алуусу да колго алынып, Талас токой чарбасында жайланышкан “Барчын” жана “Красная гвоздика” лагерлеринде бекер эс алуу маселеси да чечилген. Жамааттык келишимде каралгандай, окутуучулар менен кызматкерлер жыл сайын медициналык кароодон бекер өтүшүүдө. Зыяндуу шарттагы жумуш орундарында эмгектенген кызматкерлерге 15% өлчөмүндө кошумча төлөмдөр төлөнүүдө.

Кызматкерлерди турак-жай менен камсыз кылууда да алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келет. Университет тарабынан сатылып алынган үйлөр илимий даражалуу адистерге 50% жеңилдик менен жеке менчикке чыгарылып берилди.

ТалМУнун бириккен кесиптик кошуну азыркы убакта бутуна бекем турган, профсоюз кыймылын андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү, профсоюздун ар бир мүчөсүнүн кызыкчылыгындагы чыныгы иштердин негизинде өзүнүн кадыр-баркын көтөрүү боюнча алдына асыл максаттарды жана милдеттерди койгон күчтүү уюм болуп саналат.

Прокрутить вверх