Имя автора: Самара Нуралиева, Гуманитардык факультети, Тарых кафедрасы

Тарыхчы Кожобеков Муратбек Чалакеевичтин 60 жылдык мааракеси

2018-жылдын 23-ноябрында тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын доценти Жусупова Моймол Молдобековна орто кылымдардын тарыхын терең изилдеген белгилүү тарыхчы Кожобеков Муратбек Чалакеевичтин 60 жылдык мааракесине арналган илимий жыйынга  баяндамасы менен катышып келди. Жыйында ТалМУнун ректорунун куттуктоосун жана белегин тапшырып, жылуу пикир менен кайтып келди.

Тарыхчы Кожобеков Муратбек Чалакеевичтин 60 жылдык мааракеси Читать дальше »

И-1-17 группасынын практикант-студенттери адаптациялык-педагогикалык практикада учурунда

Гуманитардык факультетинин тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын И-1-17 группасынын практикант-студенттери адаптациялык-педагогикалык практикада. Практикант-студенттер Талас шаарындагы №5 орто мектептен адаптациялык-педагогикалык практикадан өтүшүүдө.  Мектептин тажрыйбалуу тарыхчы-мугалимдери практиканттарга тарых сабагынан усулдук жардамдарын беришүүдө. Практикан-студенттердин методисти тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жусупова Моймол Молдобековна.

И-1-17 группасынын практикант-студенттери адаптациялык-педагогикалык практикада учурунда Читать дальше »

Казахстандын Чымкент шаарындагы Мирас университетинде Эл аралык түрк дүйнөсүнүн 16-Социал билимдер  конгресси

Тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын т.и.к, доцент Жусупова Моймол Молдобековна 2018-жылдын 04-06 сентябрь күндөрү баяндамасы менен катышып, сертификатка ээ болуп келди. Конгресстин 2-күнүндө Туркестан облусундагы тарыхый жерлер менен таанышып, чоң таасир менен кайтып келди.

Казахстандын Чымкент шаарындагы Мирас университетинде Эл аралык түрк дүйнөсүнүн 16-Социал билимдер  конгресси Читать дальше »

Экскурсия сабак

2018-жылдын 9-июнь куну тарых илимдеринин кандидаты,  доцент  Жусупова Моймол Молдобековна география, педагогика, математика, айыл чарба адистигинин 2-курсунун студенттерине теориялык билимдерин практика жүзүндө көрсөтүү максатында Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексине экскурсия сабакка алып барып келди. Музейден “Манас” эпосу тарыхый-этнографиялык булак экенин, Орхон-Енисей жана Талас  жазуулары тууралуу кеңири маалымат алып кайтышты. Өзгөчө археологиялык-этнографиялык музейдеги Ак-Дөбө-2 шаарчасынан табылган

Экскурсия сабак Читать дальше »

Брейн-ринг-2018

ТалМУда Кыргызстан тарыхы, маданияты, географиясы боюнча суроолорду камтыган Брейн-ринг интелллектуалдык таймашы 2 жылдан бери жолго коюлуп келет. Бул демилге 2016-2017-окуу жылында ТалМУнун гуманитардык факультетинин тарых жана коомдук илимдер кафедрасында демилгеге алынып, ТалМУнун ректору А.Ш. Упенов жана мамлекеттик тил боюнча проректор С.С. Жумалиев тарабынан колдоого алынып, окуу жайда жыл сайын өткөрүлүүчү структуралык бөлүмдөрдүн ортосундагы кызыктуу интелллектуалдык

Брейн-ринг-2018 Читать дальше »

Тил өз ара катнашуунун булагы

2017-2018-окуу жылында жетекчиликтин колдоосу менен ТалМУнун профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер 2017-жылдын октябрь айынан баштап 2018-окуу жылынын май айынын аягына чейин түрк тилин үйрөнүү курстарынын А жана Б группасында окушуп, сертификаттарга ээ болушту. ТалМУнун гуманитардык факультетинин А жана Б группаларында турк тилин үйрөнүп сертификатка ээ болгон профессордук-окутуучулар жамаатын жана студенттерин куттуктайбыз. Андан ары өркүндөтүүнү каалайбыз.

Тил өз ара катнашуунун булагы Читать дальше »

Тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын доценти М.М.Жусупова эл аралык илимий жыйындардын активдүү катышуучусу

Тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын мүчөсү, т.и.к, доцент Жусупова Моймол Молдобековна 17-18-19-май күндөрүндө З.Бабур атындагы Анжиян мамлекеттик университетинде, Ош мамлекеттик университетинде жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинде тарых багытындагы илимий-тажрыйбалык жыйындарга активдүү катышып келди. Жыйындарга өз илимий макалалары менен катышып, сертификаттарга ээ болуп келди.

Тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын доценти М.М.Жусупова эл аралык илимий жыйындардын активдүү катышуучусу Читать дальше »

Кытайлык залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата эскерүү кече өткөрүлдү

2018-жылдын 24-апрелинде Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында кытайлык залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата эскерүү кече өткөрүлдү. Кечеге  Жусуп Мамайдын  чөбөрөсү Тургуналы Турсуналы уулу чакырылып, окутуучуларга, студенттерге жана чакырылган конокторго кызыктуу маек куруп берди. Сөз арасында ТалМУнун ректору А.Ш.Упеновго, мамлекеттик тил боюнча проректор С.С.Жумалиевге жана иш чараны уюштуруп жаткан тарыхчы-окумуштуу Моймол Жусуповага терен ыраазычылык билдирди.

Кытайлык залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата эскерүү кече өткөрүлдү Читать дальше »

“Көчмөндөр маданиятынын мурасы-азыркы замандын башаттары” аттуу республикалык денгээлдеги илимий-практикалык конференция болуп өттү

“Көчмөндөр маданиятынын мурасы-азыркы замандын башаттары” аттуу республикалык денгээлдеги илимий-практикалык конференция болуп өттү Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Көчмөндөр маданиятынын мурасы-азыркы замандын башаттары” аттуу республикалык денгээлдеги илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция 2018-жылдын 21-апрелинде өткөрүлдү. Пленардык отурумда т.и.д, профессор Ташманбет Кененсариев “Алтай элдеринин Евразиянын тарыхындагы орду” аттуу илимий баяндамасы угуучулар үчүн абдан кызыктуу болду. Конференцияга ТалМУнун профессордук-окумуштууларынан тышкары, ОшМУ,

“Көчмөндөр маданиятынын мурасы-азыркы замандын башаттары” аттуу республикалык денгээлдеги илимий-практикалык конференция болуп өттү Читать дальше »

Прокрутить вверх