{:kg}Жаңылыктар{:}{:ru}Новости{:}

Light Up Led Mods

Талас мамлекеттик университетинде корей тилин окутуу курсунун борбору ачылды.

Талас мамлекеттик университетинде корей тилин окутуу курсунун борбору ачылды. ТалМУ ноябрь айында Кыргыз тили жана маданият институту менен кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол койгон. Келишимге ылайык ТалМУнун базасында акысыз корей тилин окутуу боюнча атайын курс ачылып, аталган институттан корей тилин окутуу үчүн Пак Джи Хён (Акылай) келген. Корей тилин үйрөнүүнү каалаган студенттер жана ошондой эле Талас […]

Талас мамлекеттик университетинде корей тилин окутуу курсунун борбору ачылды. Read More »

КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында кеңешме болуп өттү.

5-февраль, 2024-жыл. КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында кеңешме болуп өттү. Алгач жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дарданов Нурлан Камалбекович ачты. Кеңешмеге Туризм департаментинин директору Миңбаев Нурмухамед Бакирдинович катышып, туризмди өнүктүрүү боюнча баалуу сунуштарын айтты.Талас облусундагы туристтик жайлар, облуста өндүрүлгөн продукциялар, туристтик борборлорду ачуу үчүн жер тилкелерин көрүү

КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында кеңешме болуп өттү. Read More »

Талас шаарынын «Алтын түйүн “ академиясында илимий-техникалык олимпиада болуп өттү.

2024-жылдын 5-февралында Талас шаарынын «Алтын түйүн “ академиясында илимий-техникалык олимпиада болуп өттү. “Илим+ойлоп табуу= техника” конкурсуна облусубуздун мектептеринен эң мыкты ойлоп табуучулар катышышты. Конкурстун талабы боюнча теориялык тур:Силердин аймактын сугат жерлери үчүн перспективдүү автоматташтырылган сугат системасын эсептөө жана иштеп чыгуу; Экспресстик тур боюнча тапшырмаларды жактоо: Тандоо Катаал жерден (туз эмес рельефтин) чоң аянттарындагы ар кандай

Талас шаарынын «Алтын түйүн “ академиясында илимий-техникалык олимпиада болуп өттү. Read More »

Бүгүн гуманитардык факультетте практиканттарынын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулду

Бүгүн гуманитардык факультеттин Америка борборунда тарых адистигинин 2-курсунун магистранттарынын жана 2,3,4-курстарынын практиканттарынын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулуп,ийгиликтүү өттү. Иш чарага педагогика кафедрасынын окутуучулары К.А.Туткучбаева, Ф.К.Суранчиева, кафедранын методисттери, окутуучулар жана студенттер катышышты.Иш чарада баалуу сунуштар айтылды.Практиканын жүрүшүндө видео-слайддар көрсөтүлүп, ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Бүгүн гуманитардык факультетте практиканттарынын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулду Read More »

Кыргызстандын университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү

Талас мамлекеттик университети (DEFA) «Кыргызстандын университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында иш алып барып келет. 24 — январда И.Раззаков атындагы КМТУла Көндүмдөрдү өнүктүрүү борбору ачылып, университеттердин финансылык автономиясынын модели талкууланды. Көндүмдөрдү өнүктүрүү борбору заманбап жабдуулар менен жабдылып бардык ЖОЖдор үчүн семинарлар жана тренингдер өтүү үчүн шартталган. ТалМунун ректору Ж.М.Шаршембиев жана DEFA долбоорунун ТалМУ боюнча координатору

Кыргызстандын университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү Read More »

САДЫР ЖАПАРОВ ЭҢ МЫКТЫ 75 СТУДЕНТКЕ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ ТАПШЫРДЫ

23-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын 75 студентине Президенттик стипендия тапшырды. Анын ичинен Талас мамлекеттик университинин эки студенти Курманбекова Акылай, Төлөбаева Дильфуза Президенттин колунан мактоо баракчаларын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты. Студенттерибиздин сыйлыгы, Талас мамлекеттик университетинин сыймыгы! Сыйлыгынар кут болсун! Биз силерден көптү күтөбүз , келечек ээлери!

САДЫР ЖАПАРОВ ЭҢ МЫКТЫ 75 СТУДЕНТКЕ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ ТАПШЫРДЫ Read More »

САДЫР ЖАПАРОВ ЭҢ МЫКТЫ 75 СТУДЕНТКЕ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ ТАПШЫРДЫ

23-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын 75 студентине Президенттик стипендия тапшырды. Анын ичинен Талас мамлекеттик университинин эки студенти Курманбекова Акылай, Төлөбаева Дильфуза Президенттин колунан мактоо баракчаларын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты. Студенттерибиздин сыйлыгы, Талас мамлекеттик университетинин сыймыгы! Сыйлыгынар кут болсун! Биз силерден көптү күтөбүз , келечек

САДЫР ЖАПАРОВ ЭҢ МЫКТЫ 75 СТУДЕНТКЕ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ ТАПШЫРДЫ Read More »

Шаршембиев Жыргалбек Сабырбековичти төш белгисин жана дипломун алды

Талас мамлекеттик университетинин жалпы профессордук окутуучулар жамааты окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, Шаршембиев Жыргалбек Сабырбековичти КУИАнын академиги, Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын Президенти Кожогулов Камчыбек Чонмуруновичтин колунан Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын мүчө- корреспонденти төш белгисин жана дипломун алышыныз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ден соолугуңуз чың, өмүрүңүз узун, ишиңизде чоң ийгиликтерди жаратып,окуу жайдын өнүгүшүнө зор салымыңызды

Шаршембиев Жыргалбек Сабырбековичти төш белгисин жана дипломун алды Read More »

ТалМУда студенттик стартап

ТалМУда студенттик стартап ТалМУда студенттик стартап боюнча бизнес-инкубатордун алкагында эксперттик топ ар жума сайын иш алып барып, бизнес идеяларды угушуп, эксперттик сунуштарын беришип, стартап командаларды түзүүгө багытташып, бизнес-пландардын жазылышына түрткү беришти. Буйруса, студенттик командалар жаңы стартап идеяларды ишке ашырууга белсенип киришип, менторлор менен бирдикте иш алып барышууда.

ТалМУда студенттик стартап Read More »

«Ыйман нуру» фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков студенттер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Ыйман нуру» фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков ТалМУда болуп, студенттер менен жолугушту. Ага ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов, ТалМУнун бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Н.Султанкулов жана окутуучулар, студенттер катышты. КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбеков жогорку билим алуу, китеп окуунун пайдасы, маданият, ыйман, адеп-ахлактык баалуулуктар жөнүндө кызыктуу маалыматтарды айтып, сапаттуу билим алуу окуу жайдын статусуна

«Ыйман нуру» фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков студенттер менен жолугушту Read More »

Прокрутить вверх