2025-жылдын 23-апрелинде Талас мамлекеттик университетинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Илимге карай жол: Жаштар жана инновациялар” аттуу Эл аралык XXII студенттик илимий-практикалык конференциясы онлайн, оффлайн форматында болуп өттү.
Конференцияга жалпы 262 студент, анын ичинен Талас мамлекеттик университетинин, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун, А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун, Кыргыз-Казак университетинин , Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык институтунун, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин, Кострома мамлекеттик айыл чарба […]











