{:kg}Жаңылыктар{:}{:ru}Новости{:}

Light Up Led Mods

“Билим гана адамды бийик жана эркин кылат”. Ч.Айтматов

Улуттук майрамыбыз менен удаа келген Билим күнү Талас мамлекеттик университетинде салтанаттуу белгиленди. Салтанатты окуу жайдын ректору Ж.С.Шаршембиев ачып, студенттерге жаңы окуу жылына жаңы дем, жаңы күч, жаңы жигер менен киришин, ал эми окутуучуларга кирип келген жаңы окуу жылы бардыгыбызга көптөгөн жагымдуу сезимдер менен жаңы таасирлерди калтырган ийгиликтин, өсүп-өнүгүүнүн жылы болсун, адамдын жүрөгүнө билимдин жарыгын жандырган, […]

“Билим гана адамды бийик жана эркин кылат”. Ч.Айтматов Читать дальше »

2-cентябрь ТалМУнун “Бектур агай” маалыматтык-технологиялар лицейинде Билим күнү белгиленди.

Алгач куттуктоо сөздү ТалМУнун ректору Ж.С.Шаршембиев ачып , жалпы окуучуларга окуудагы ийгиликтерди каалады. Андан соң лицейдин директору А.М.Бутешова жаңы окуу жылынын башталышы, Билим күнү менен куттуктап, өткөн окуу жылындагы ийгиликтер менен бөлүштү. Ата-энелердин атынан К. Боромбаева суйлөп, окутуучуларга ыраазычылыгын билдирди. Соңунда биринчи коңгуроо кагылып, иш-чара маданий программа менен коштолуп жыйынтыкталды.

2-cентябрь ТалМУнун “Бектур агай” маалыматтык-технологиялар лицейинде Билим күнү белгиленди. Читать дальше »

Талас мамлекеттик университетинде Кыргызпатент жана Конрад Аденауэр фонду тарабынан студенттерге “Региондордо стартап экосистемаларын өнүктүрүү” тренинги өткөрүлдү.

27-28-августта Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана Борбор Азиядагы Конрад Аденауэр атындагы фонд менен биргеликте студенттерге “Региондордо стартап экосистемаларын өнүктүрүү” аттуу тренинг өткөрүлдү. Бул тренингге Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордун директору Айдар Алымбеков, Борбор Азиядагы Конрад Аденауэр фондунун регионалдык өкүлү Андре Альгермиссен жана Талас мамлекеттик университетинин

Талас мамлекеттик университетинде Кыргызпатент жана Конрад Аденауэр фонду тарабынан студенттерге “Региондордо стартап экосистемаларын өнүктүрүү” тренинги өткөрүлдү. Читать дальше »

Жайкы Корей лагерь

Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз-Корей элдеринин маданиятын жана тилин үйрөнүү боюнча жайкы лагери 12-14 августка чейин болуп, ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Жайкы Корей лагерь Читать дальше »

Талас мамлекеттик университети Герцен атындагы Россия педагогикалык университети менен видеоконференция аркылуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

ТалМУнун ректору Жыргалбек Сабырбекович Талас мамлекеттик университети жөнүндө кенен маалымат берди. Ошондой эле РМПУнун Эл аралык иштер жана интернационалдаштыруу боюнча проректору Мерешкин Дмитрий Евгеньевич РМПУ жөнүндө маалымат берди. Эки тарап кызматташуу тууралуу суйлөшүүнүн негизинде академиялык мобилдүүлүк, долбоорлордо бирге иштөө ошондой эле магистратура жана аспирантура бөлүмдөрүнө студенттердин окууларын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. РМПУ тарап кызматташуу тууралуу эки

Талас мамлекеттик университети Герцен атындагы Россия педагогикалык университети менен видеоконференция аркылуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Читать дальше »

ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ АКЫРКЫ ҮЛГҮДӨГҮ ЗАМАНБАП КОМПЬЮТЕР МЕНЕН ЖАБДЫЛГАН ДАГЫ БИР КОМПЬЮТЕРДИК КЛАСС АЧЫЛДЫ

Талас мамлекеттик университетинин ректору Ж.С. Шаршембиевдин планынын негизинде технология-экономикалык факультетинин IT-багытындагы жана Экономика багытындагы окуган студенттер үчүн акыркы заманбап үлгүдөгү 10 компьютер жана 2 ноутбук сатып алынып, дагы бир компьютердик класс ачылды. Атай кетсек, бул компьютердик класс, алдын ала атайын талапка жооп берүүчү ремонттон өткөрүлүп, студенттер үчүн заманбап үлгүдөгү компьютерлер менен жабдылган жаркыраган компьютердик класс

ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ АКЫРКЫ ҮЛГҮДӨГҮ ЗАМАНБАП КОМПЬЮТЕР МЕНЕН ЖАБДЫЛГАН ДАГЫ БИР КОМПЬЮТЕРДИК КЛАСС АЧЫЛДЫ Читать дальше »

Талас облусунда «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы жыйын өттү

2024-жылдын 9-июлунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгын 35 жылдыгына карата «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы кезектеги жыйындын отуруму Талас облусунда өттү. Иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басара М.Сейдикеримова, облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын, муниципалдык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-уюмдардын жетекчилери, кызматкерлери

Талас облусунда «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы жыйын өттү Читать дальше »

«Сен китепти ачсан, китеп сени ачат» деп улуу ойчул Ч.Айтматов айткандай, китепти окуган сайын жан дүйнөбүз азыктанат

«Сен китепти ачсан, китеп сени ачат» деп улуу ойчул Ч.Айтматов айткандай, китепти окуган сайын жан дүйнөбүз азыктанат. Бүгүн Талас мамлекеттик университетинде китеп майрамы. И.Арабаев атындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору ( мурунку ТалМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору ) ф.и.д, профессор С.С.Жумалиев өздүк китепканасынан Талас мамлекеттик университетинин илимий китепканасына 550 даана илимий, көркөм

«Сен китепти ачсан, китеп сени ачат» деп улуу ойчул Ч.Айтматов айткандай, китепти окуган сайын жан дүйнөбүз азыктанат Читать дальше »

15-июнь күнү Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн салтанаттуу аземи болуп өттү.

15-июнь күнү Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул салтанаттуу иш-чарага Талас мамлекеттик университетинин ректору Ж..С.Шаршембиев катышты. Борбордук Азия Университети менен Талас мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлган. Аталган окуу жайды быйыл 26 студент ийгиликтүү аяктады. Бүтүрүүчүлөрдү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаева куттуктады. Кечеге университеттин ардактуу

15-июнь күнү Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн салтанаттуу аземи болуп өттү. Читать дальше »

“Кыргызстандагы окуу жайларда финансылык автономияны өнүктүрүү”

12 -14 июнга чейин DEFA – “Кыргызстандагы окуу жайларда финансылык автономияны өнүктүрүү” аттуу долбоордун алкагында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин базасында өткөн семинарга Талас мамлекеттик университетиндеги DEFA долбоорунун жумушчу тобу катышты. Бул долбоордун максаты – окуу жайларга ресурстарды мобилизациялоого, аны башкарууга жана коомдун жана рыноктун өзгөрүп жаткан керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү университеттердин

“Кыргызстандагы окуу жайларда финансылык автономияны өнүктүрүү” Читать дальше »

Прокрутить вверх