ТалМУнун бүтүрүүчүсү, жаш акын Акбар Жанышбековдун “Жолуккум келет сага” аттуу поэзия кечеси
2017-жылдын 24-октябрында Талас мамлекеттик университетинин жыйын залында аталган окуу жайдын бүтүрүүчүсү, жаш акын Акбар Жанышбековдун “Жолуккум келет сага” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары жана анын ырлары боюнча поэзия кечеси болуп өттү. “Өз тилинде, өз мекениңде көлкүп ыр окугандан өткөн ырахат болбос” деп жаш акын айткандай, ырларында жаштыктын деми, таза сүйүүнүн илеби жыттанган ырларынан көркөм окулду. […]