Спорт жаңылыктар

rolex cellini uomini m50505 0009 39mm quadrante nero guadare

Кыргыз Республикасынын “Алтын күз” турнири

ТалМУнун алдындагы КОБББнын КАС-1-23 группасынын студенти Сабатбеков Сабыр жана КСК-1-23 группасынын студенти Каныбеков Азамат Бишкек шаарында 10.11.2024 өткөн волейбол боюнча 17 жаштагылар арасында Кыргыз Республикасынын “Алтын күз” турниринде Талас облусунун атынан барып, 1-орунду алып келишти. Студенттерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Кыргыз Республикасынын “Алтын күз” турнири Читать дальше »

Саматтын сыйлыгы, ТалМУнун сыймыгы!

ТалМУнун алдындагы КОБББнын КГР-КФ-1-24 тобунун студенти Байызбеков Самат Индияда, Мумбай шаарында, кол курош боюнча 3-орунга ээ болду. Алган сыйлыгы кут болсун!

Саматтын сыйлыгы, ТалМУнун сыймыгы! Читать дальше »

Спорт

Спорт ТалМУнун алдындагы КОБББнын, ТАЭК жана медициналык колледждин кызматташуу долбоорунун негизинде жаштардын арасында окуу жана тарбиялык процесси менен бирге спорт оюндары боюнча мелдеш өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, Талас шаарындагы кесиптик орто билим берүү окуу жайларындагы студент балдардын арасында 3.05.23 кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдештин башкы калысы КОБББнын табигый илимдер секциясынын окутуучусу Абдраимов Асхат Батырканович

Спорт Читать дальше »

Универсиада

Универсиада Талас мамлекеттик университетинин (ТалМУ) студенттери жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлгөн универсиадага катышып, спорттун айрым түрлөрү боюнча ийгиликке жетишти. Алсак, ордо оюну боюнча 19 команданын арасынан алдыңкы бешиликке киришти. Тренери ага окутуучу Аскат Абдырайымов.

Универсиада Читать дальше »

8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата ТалМУда структуралык бөлүмдөр ортосунда волейбол боюнча мелдеш болуп өттү.

8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата ТалМУда структуралык бөлүмдөрортосунда волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке беш команда катышышып күчтөрүн сынашты.1-орун КОБББ,2-орун ТЭФ, 3-орун ТТПФ, 4-орун ГФ, 5-орун АУПтун командалары ээ болушту.Жеңүүчүлөр Талас шаарында 3-4-мартта өтүлүүчү спартакиадага катышмакчы, жеңүүчүлөргө окуу жайда өткөрүлүүчү майрамдык салтанатта грамота,акчалай сыйлыктар берилет

8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата ТалМУда структуралык бөлүмдөр ортосунда волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Читать дальше »

1-декабрь Эл аралык СПИД күнүнө карата студенттер арасында мини футбол болуп өттү

1-декабрь Эл аралык СПИД күнүнө карата студенттер арасында мини футбол болуп өттү 30-ноябрда Талас мамлекеттик университетинде структуралык бөлүмдөр ортосунда 1-декабрь Эл аралык СПИД күнүнө карата студенттер арасында мини футбол болуп өттү. Таймашка жетекчилик, факультеттин окутуучулары, студенттери катышышты. Таймаш кызыктуу өтүп, жыйынтыгында: 1-орунга КОБББ, 2-орунга гум.фак, 3- орун ТЭФ, 4-орун ТТПФ чыгышты. Жеңүүчүлөр аягында грамоталар менен

1-декабрь Эл аралык СПИД күнүнө карата студенттер арасында мини футбол болуп өттү Читать дальше »

“Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы”

“Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы”Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы ” жөнүндө Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын. Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы 600-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин ортосунда ” Ден соолук ” спартакиадасынын ачылыш аземи болуп өттү. Кыргыз

“Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” Читать дальше »

Мекенди коргоо күнүнө карата волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү

Мекенди коргоо күнүнө карата волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө, 8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө карата ТалМунун жетекчилиги жана Кесиптик кошунунун демилгеси менен спорттук иш-чара (волейбол) уюштурулду. Иш чараны ТалМунун ректору А.Ш.Упенов куттуктоо сөзүн сүйлөп, катышкан командаларга ийгилик каалады. Ар бир структуралык бөлүмдөрдөн: айымдардан 5 команда, мырзалардан 4 команда оюн көрсөтүштү.

Мекенди коргоо күнүнө карата волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү Читать дальше »

Спорт – дени сак сергек жашоонун булагы

15-ноябрда Талас мамлекеттик университетинде Студенттердин эл аралык күнүнө карата волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин максаты: -Факультеттер ортосундагы достук мамилени күчөтүү; -Студенттерди дени сак жашоого үндөө; – Аталган оюндун түрү боюнча ТалМУнун курама командасына тандоо. Мелдешке ТЭФ, ТТПФ, ГФ жана ОКБББнын курама командалары катышты. Оюндун жыйынтыгында 1-орунду орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн (ОКБББ – колледж)

Спорт – дени сак сергек жашоонун булагы Читать дальше »

Ден соолук күнү белгиленди

Ден соолук күнү белгиленди ТалМУнун профессордук-окутуучуларынын, кызматкерлеринин жана студенттер арасында Ыйман,адеп жана маданият жылынын алкагында СССР спортунун чебери, белгилүү жөө күлүк, окумуштуу Черикбаев Эрмек Черикбаевичтин жаркын элесине арналып өткөрүлүүчү жеңил атлетика боюнча ден соолук күнүндө мелдеш болуп өттү.Мелдеш спорттун төмөндөгү түрлөрү боюнча өткөрүлдү:100 м,800 м,1500м чуркоо, эстафета, аркан тартыш болуп жыйынтыгында жеңүүчүлөр диплом менен сыйланып,

Ден соолук күнү белгиленди Читать дальше »

Прокрутить вверх