{:kg}Жаңылыктар{:}{:ru}Новости{:}

Light Up Led Mods

Ак калпак күнү белгиленди

Асманда жарык көрсөң жылдыз деп бил,Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил , – дегендей жергебизде Ак калпак күнү белгиленүүдө. Талас мамлекеттик университетинин жамааты студенттер менен биргеликте бул күндү шаңдуу маанайда өткөрүштү. Технология- экономикалык факультеттин демилгеси менен маданий программа тартууланып, катышкандардын көңүлүн көкөлөтту. Алгач сөздү ТалМунун ректору А.Ш.Упенов куттуктап, иш-чараны ачык деп жарыялады. Андан соң ак […]

Ак калпак күнү белгиленди Читать дальше »

8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата спартакиада өткөрүлдү

8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө карата Талас шаарынын спорттук комитети Талас шаарынын мекеме уюмдарынын кыз-келиндеринин арасында Спартакиада өткөрдү.Спартакиада төмөндөгүдөй спорттук оюндардын түрлөрү менен коштолду: волейбол, кол күрөш, тогуз коргоол, дартс, жеңил атлетика (чуркоо-500метр, 1000 метр), эстафета, аркан тартыш.Талас мамлекеттик университетинин кыз-келиндер жамаатынан түзүлгөн команда спартакиадада 2-орунга ээ болду. Аркан тартышка чыккан команда 1-орун, тогуз коргоол

8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата спартакиада өткөрүлдү Читать дальше »

ТалМУда стартап долбоорлор боюнча семинар JIA Бизнес ассоциациясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында өткөрүлдү.

ТалМУда стартап долбоорлор боюнча семинар JIA Бизнес ассоциациясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында өткөрүлдү. Анын ачылышында ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов идеялуу студенттер стартап долбоорлорду жазып, ишке ашырып, ийгиликке жетсе болорун айтып, бул заман талабы экенине токтолду. JIA Бизнес ассоциациясы жаштар үчүн “Жаратман” стартап конкурсу жарыяланганын жана анын жеңүүчүлөрүнүн долбоорлоруна 100 миңден 500 миңге чейин каржылана турганын белгилешти.

ТалМУда стартап долбоорлор боюнча семинар JIA Бизнес ассоциациясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында өткөрүлдү. Читать дальше »

Гуманитардык факультетинин студент-практиканттары кесиптик-профилдик практикаларын өтөөдө

Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин студент-практиканттары кесиптик-профилдик практикаларын өтөөдө. Студент-практиканттар келечекте кесипкөй, компетентүү, конкуренцияга туруштук бере алган адистерден болот деп ишеним арта алабыз.

Гуманитардык факультетинин студент-практиканттары кесиптик-профилдик практикаларын өтөөдө Читать дальше »

Туу күнү салтанаттуу белгиленди

Байрагыбыз түбөлүк желбирей берсин!Жыл сайын 3-март Кыргыз Республикасынын Туу күнү катары республикабызда белгиленип келет. Улуу күндү утурлай Талас мамлекеттик университетинде да Кыргыз Республикасынын Туу күнүнүн 30 жылдыгына карата Туу күнү өткөрүлдү. Иш-чарага окуу жайдын окутуучулары жана студенттери катышышты. Алгач ТалМунун ректору А.Ш.Упенов куттуктоо сөзүн сүйлөп, иш-чараны ачык деп жарыялады. Мамлекеттик гимн ойнолуп, андан соң гуманитардык

Туу күнү салтанаттуу белгиленди Читать дальше »

Эверестти багындырган Кубатов Эдуард менен студенттер жолугушту

Гималай тоо кыркасындагы деңиз деңгээлинен 8848 метр бийиктиктеги Эверест чокусун багындырган сыймыктуу мекендешибиз, альпинист Кубатов Эдуард ТалМУнун студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Россиялык альпинисттер тарабынан уюштурулган экспедициянын курамындагы 300 альпинисттин ичинен 16 альпинист чокуга чыгууга мүмкүнчүлүк алышкан. Анын арасынан 4 гана альпинист оор, адам чыдагыс кыйынчылыктарды багынтып, Эверест чокусуна чыгышкан жана аларды Кубатов Эдуард жетектеп чыгып,

Эверестти багындырган Кубатов Эдуард менен студенттер жолугушту Читать дальше »

“Биз коррупцияга каршыбыз!” аттуу тегерек стол

Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинде чет тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулган “Биз коррупцияга каршыбыз!” аттуу тегерек-стол болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу антикоррупциялык ишмердик кеңешинин Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары Умар Анарбаев, коррупцияга каршы коомдук бирикменин Талас облусу боюнча төраганын орун басары Усейин Отуналиевич Эсенаманов, Талас мамлекеттик университетинин окуу жана илимий иштери боюнча проректору

“Биз коррупцияга каршыбыз!” аттуу тегерек стол Читать дальше »

“Коррупция жана диний экстремизм – азыркы коомдун коркунучу” аттуу тегерек стол өткөрүлдү

15.12.21. Талас мамлекеттик университетинин технология-экономикалык факультетинде экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Т.Т.Ташманбетовдун уюштуруусу менен “Коррупция жана диний экстремизм – азыркы коомдун коркунучу” аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго атайын чакырылган Талас облусунун юстиция бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эсенжан у. Ринат, Талас шаары жана Талас району боюнча пробация органынын башкы адиси Т.М.Момбеков жана факультеттин деканы

“Коррупция жана диний экстремизм – азыркы коомдун коркунучу” аттуу тегерек стол өткөрүлдү Читать дальше »

ТалМУнун 2 студенти президенттик стипендияга татышты

2021-жылдын 14-декабрында президенттик стипендияны тапшыруу аземи болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров республикабыздын ЖОЖдорунан келген эң мыкты студенттерге Кыргыз Республикасынын Президентинин Алкышы менен стипендияны тапшырды. Президенттик стипендияга Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин орус тили жана адабияты адистигинин студенти Усайырова Чолпонай жана табият таануу-педагогика факультетинин башталгыч класстарга билим берүү адистигинин студенти Мамбет кызы Айназик татыктуу болушту.

ТалМУнун 2 студенти президенттик стипендияга татышты Читать дальше »

Прокрутить вверх