ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН
СТУДЕНТТЕРИНИН АДЕП КОДЕКСИ

1. Жалпы жобо

  1. Бул адеп кодексиндеги адеп-аклахтык баалулуктар менен нормалар  студенттердин билимин, билим сапатын өнүктүрүүнүн, алардын  жоопкерчиликтүү, активдүү жана компетенттүү адистерден болуп  чыгышына  негиз  болуп  саналат.
  2. Студенттик коомчулуктун эң негизги баалуулуктары чынчылдык,  ишеним,  сый  жана  жоопкерчилик  болуп  саналат.
  3. Студенттердин университеттин администрациясы, окутуучулары, кызматкерлери  менен  болгон  мамилеси  адептүүлүк  менен тактыкка, өз  ара сый-урмат көрсөтүү менен ар дайым бири-бирине көмөктөшүү принциптерине негизделет.
  4. Студент башка адамдын абийири менен укугуна шек келтирүүчү, өзүнө кайрылган  адам  менен  орой  баарлашуучу жүрүм-турум мамилелеринен  арылуусу зарыл.
  5. Студенттик чөйрөдө ар бир адамдын өз оюн эркин айта алууга жана өзүн-өзү көрсөтө алууга укугу таанылат.
  6. Студент университеттин тардицияларын, тартип-эрежелерин так билип, аны сыйлап, башкаларга жайылтып, окуу жайдын кадыр-баркы менен беделин (имиджин) көтөрүүгө милдеттүү.

2. ТалМУнун студенттеринин  жүрүм-турумунун негизги адептик ченемдери

Университеттин студенттери ар дайым өзүн тыкан, таза алып жүрүүсү, иштиктүү кийимдерди кийинүүсү, спорттук оюндарда жана кечелерде кийилүүчү кийимдерден алыс болууга тийиш. Окуу имаратына киргенде эркектер калпактан башка баш кийимдерин алуусу шарт. Сырт  кийимдерин  атайын кийим кийим илүүчү жерге илип коюшу керек.

  1. Окуу имаратынын  ичинде,  алдында  тамеки чегүүгө, семичка чагууга тыюу салынат.
  2. Университеттин аймагында спирттик ичимдиктерди ичүүгө, токсикалык, наркотикалык заттарды колдонууга жана аларды жайылтууга катуу тыюу салынат.
  3. Студент окутуучунун аты-жөнүн, фамилиясын толук билүүгө тийиш жана лекторго сый-урмат менен мамиле кылуусу керек. Сабакка кечикпей  өз убагында  келүүгө милдеттүү. Лекциялык жана семинардык сабак учурунда  тынчтыкты жана тартипти сактоого тийиш.
  4. Окутуучу кечиккен студентти сабакка киргизбей коюшу мүмкүн. Эгерде сиз кечигип калсаныз каалганы чертип, аны акырын ачып, үнүңүздү катуу чыгарбай алгач кечирим сурап, анан кирүүгө уруксат сураңыз. Эгер уруксат  алсаныз башка адамдардын көңүлүн өзүңүзгө бурбай, аудиториянын сизге жакын  жериндеги бош орундуктан орун алыңыз. Сабактын жүрүшүнө жана  башкалардын  билим  алуусуна тоскоолдук кылган аракеттерге жол  берилбейт: сабак учурунда басып жүрүүгө, сүйлөшүүгө, уюлдук  телефонду  колдонууга жана башка кыймыл-аракеттерге жол берилбейт. Окутуучу  студентти тартип бузгандыгы үчүн сабагынан чыгарып коюуга укугу бар.  Андыктан студент сабак учурунда окутуучу менен талашып-тартышпай ага баш ийүүгө милдеттүү. Сабак бүткөндөн кийин гана окутуучудан сылык  кечирим сурап, себебин түшүндүрүүгө болот.
  5. Студентке көчүрмөнү (шпаргалка) колдонууга, окутуучунун кол тамгасын окшоштуруп коюуга жана башка иш кагаздарын жасалма жол менен  пайдаланууга жол берилбейт.
  6. Сабак же башка официалдуу иш-чара учурунда уюлдук телефондун үнү азайтылып же өчүрүлүп коюуга тийиш. Окуу процесси учурунда телефон  менен сүйлөшүү, радио же музыка угуу адеп эрежелерин одоно бузгандык менен  барабар эсептелинет.
  7. Кесиптик орто  билим  берүү бөлүмүндө текшерип өткөрүү системасы  иштейт. Ошондуктан колледждин студенттери текшерип өткөрүү тартибин  сактоого  милдеттүү. Университеттин кире бериш эшигинде кезек пайда  болгон учурда студенттер эң алды окутуучулар менен кызматкерлерге жол  берүүгө, ал эми эркек балдар кыздарды кезексиз өткөрүүгө милдеттүү.
  8. Студент адептүү жана маданияттуу адам катары башка адамдар менен жолугушкан учурда алардын жаш курагына, даража-мартабасына карабастан сөзсүз түрдө биринчи саламдашууга милдеттүү.
  9. Университеттик деңгээлдеги иш-чараларда (конференция, чогулуш, жолугушуу, маданий-массалык ж.б.) тыныгуу маалында гана өзүн акырын жана үнүн  катуу чыгарбай алып жүрүүгө уруксат берилет.
  10. Студент кеп маданиятынын эрежелерин так сактоого тийиш:
  • өзүнөн жашы улуу же бейтааныш адамга “сиз” деп кайрылууга;
  • окутуучулар жана кызматкерлер менен пикирлешүүдө аларга теңтушсунуп сүйлөбөөгө;
  • жаргондук кептен жана өтө орой, уят сөздөрдү сүйлөөдөн качууга, аларды кебинде колдонбоого тийиш.
  1. Студент университеттин мүлкүн көздүн карегиндей сактоого, окуу жайдын ичинде, айланасында тазалыкты жана тартипти сактоого милдеттүү.  Университетте дубал беттерине, парталарга жана башка жерлерге, эмерек- буюмдарга  сүрөт тартууга, жазып-чийгилөөгө, талкалап-сындырууга катуу тыюу салынат.
  2. Университеттеги маданий-массалык иш-чараларда, окуу процесси учурунда сагыз чайноого болбойт. Сагызды университеттин эмерек- буюмдарына, көрнөк-жарнактарына жабыштырууга тыюу салынат.
  3. Башка бирөөнүн мүлкүнө, буюмуна көз артып кол салууга, уурдап алууга катуу тыюу салынат.

3.Жыйынтыктоочу жобо

  1. Талас мамлекеттик университетинин студенттик адеп кодексин ишке ашыруунун технологиясы болуп аталган кодекстеги этикалык, адеп-аклахтык жүрүм-турум эрежелеринин университеттик деңгээлде практикалык жактан ишке  ашырылышы эсептелет. Студенттик адеп кодексинин ченемдери кураторлук сааттарда кеңири түшүндүрүлүп, кодекс бардык окуу тайпаларында, кафедраларда, түзүмдүк бөлүмдөрдө болушу керек.
  2. Студент бул кодексти билүүгө жана аны тутууга милдеткер. Студенттин этикага, ыймандуулукка туура келбеген жүрүм-турумун адеп кодексинин  эреже-ченемдери менен макул эместиги же аны билбестиги менен  түшүндүрүүгө болбойт.
  3. Кодекс университеттин студенттеринин жалпы чогулушунда кабыл алынат.  Кодекс чогулуштун катышуучуларынын тең жарымынан көбү ачык добуш  менен өз макулдугун көрсөткөндө гана кабыл алынды деп эсептелинет. Бул  кодекс университеттин студенттеринин жалпы чогулушунда кабыл  алынган  күндөн тартып өз күчүнө кирет.
  4. Кодекс университеттин  ректору  тарабынан бекитилет жана ички (локалдык) нормативдик документ катары бааланат. Кодекске  өзгөртүү же  толуктоо киргизүү тартиби аны кабыл алган тартипте жүргүзүлөт.
  5. Студенттер тарабынан бул кодекстин эрежелеринин сакталышын окутуучулар, кураторлор жана студенттик өзүн-өзү башкаруу уюму көзөмөлдүккө алышы керек.
  6. Кодекстин эреже-талаптарын сактабаган студент тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилигине  жооп  берет. Мындай кырдаал  кайталанган өзгөчө учурларда окуу жайдын администрациясына жооп  берет.
  7. Кодексти бузгандыгы үчүн айып иретинде колдонулушу мүмкүн:
  • эскертүү;
  • администрация тараптан тартипке чакыруучу чараны колдонуу боюнча сунушу же КРнын мыйзамдарына туура келген талаптарга ылайык  окуудан чыгаруу.

Студент бул адеп кодексинин ченемдерин өзүнө кабыл алып жатып,  анын бузулушу Талас  мамлекеттик  университетинин студенттик наамынын,  кадыр-баркынын  жана  аброюнун түшүрүлүшү менен барабар экендигин  сезип-туюшу керек.

Студент ТалМУнун традицияларын сыйлайт, анын  мүлкүн коргойт жана өзүнүн айлана-чөйрөсүндөгү тазалыкты, тартипти  көзөмөлдөйт.

Студент университеттен тышкары жерде өзүн Талас  мамлекеттик университетинин өкүлү экендигин дайыма эсинде бекем тутуп, Альма-материнин (Alma mater) кадыр-баркын, аброюн, беделин өзүнүн жосунсуз жүрүм-туруму менен түшүрбөөгө аракет кылат.

Студент студенттик өзүн-өзү башкаруу системасын чыңдоого,  студенттердин чыгармачылык шык-жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө (окуу-усулдук, илимий, көркөм-маданий, спорттук ж.б.), ТалМУнун барк-бедели менен   корпоративдик маданиятын көтөрүүгө багытталган бардык ишмердүүлүктү  зарыл жана керектүү аракет катары тааныйт.

Студенттик адеп кодекси ТалМУнун ички саясатынын эң негизги багыттарынын бири катары бааланышы керек.

Прокрутить вверх