Орус тили жана адабияты кафедрасы

Уркумбаева Рахат Аваскановна

кафедранын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

Орус тили жана адабияты кафедрасы Талас мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты багыты боюнча негизги билим берүүчү бөлүмү болуп эсептелинет. Орус тили жана адабияты кафедрасы ТалМУнун окумуштуулар кеңешинин 2001-жылы 28-августтагы №68 чечими менен гуманитардык факультеттин курамында уюшулган.

Аталган кафедра уюшулган күндөн тартып студенттерди адистикке даярдоодо жогорку илимий-педагогикалык иш-тажрыйбалардын негизинде билим берип келе жатат. Ошондой эле окуу-методикалык иштерде болсун, мейли, тарбиялык иштерде болсун кафедранын окутуучулары чыгармачылык менен иш жүргүзүп келет.

Кафедранын бүтүрүүчүлөрүнө 550300 Филологиялык билим берүү багытынын 4 жылдык нормативдик мөөнөттүн негизинде – «Орус тили жана адабияты» профилинин бакалавр баскычында квалификация ыйгарылат.

Орус тили жана адабияты кафедрасы Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында, коомдук жана саясий турмушунун башка чөйрөлөрүндө ийгиликтүү иштеген жүздөгөн орус тили жана адабияты мугалимдерин даярдап чыгарды.

Кафедранын материалдык-техникалык базасында 2 аудитория, 1 орус адабиятынын методикалык кабинети жана 1 орус тили борбору бар. Орус тили борбору Орус кызматташтыгы жана ОаОО «Алтын-Альянс» демѳѳрчүлүгүнүн негизинде ачылган.  Борбор жаңы заманбап окуу эмеректер, окуу-методикалык жана адабий китептер, 20 даана ноутбук (LENOVO) менен жабдылган. Бардык компьютерлер локалдык тармакка, INTERNETке кошулган.   Борбор студенттерге илимий-изилдөө жана окуу-усулдук багыттагы иштерине жардам берет.

Орус тили жана адабияты кафедрасында жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулук курам жемиштүү иш алып барып жатышат, алар – 2 педагогика илимдеринин кандидаттары, 1 социология илиминин кандидаты жана 2 окутуучу. Беш окутуучу Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы. Кафедра түзүлгөн жылдан тартып илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча окутуучулар тарабынан 32 методи   калык көрсөтмө,106 макала жарык көргөн.

Орус тили борбору төмөнкү кызматтарды көрсөтө алат:

  • курстук окутуу бөлүмү – орус тилин чет тили катары окутуу курсу;
  • орус тилин чет тили катары окутуудагы тестирлөөгө даярдоо, орус тилин өздөштуруу деңгээлин аныктоо;
  • Талас облусунун орус тили жана адабияты мугалимдерине методикалык жардам көрсөтүү.
Прокрутить вверх