Манас күнүнө карата К.Медетбеков атындагы драма театрда өтүлгөн чоң иш-чарага “Педагогика” секциясынын башчысы, философия илимдеринин кандидаты, доцент Кудабаева Гулира Байдылдаевна “Манас” эпосундагы баалуулуктар боюнча ой толгоолор – деген темада илимий макаласы менен катышты.


Студенттердин илимий-изилдөө иштери
23.04.2025 ТалМУда “Илимге карай жол: Жаштар жана инновациялар” аттуу Эл аралык XXII студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Педагогикалык колледжинин башталгыч класстарды окутуу жана мектепке чейинки билим берүү адистиктеринин студенттери да макалалары менен активдүү катышышты. Алардын ичинен эң мазмундуу макала деп төмөндөгү студенттердин баяндамаларын айтсак болот. Алар КДО-1-22 группасынын студенттери Болотбекова Диана жана Маденова Жазгул. Жыйынтыгында баардык катышуучулар сертификаттарга ээ болушту









Талас шаарынын 80-жылдыгына карата “Илимге карай жол: жаштар жана инновациялар” аттуу XXI студенттик илимий- практикалык конференция болуп өттү.
Башталгыч класстарды окутуу адистигинин КП-2-22 группасынын студенти Дуйшенова Анара II- орун, КП-1-21 гркппасынын студенти Маделим кызы Айсалкын III-орун жана Изакеева Саламат,Мирланова Медина,Темирова Медина активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттарга ээ болушту.


