Тарбиялык иштер

ТалМУнун алдындагы кесиптик билим берүү бөлүмүнүн укук таануу жана коомдук дисциплиналар секциясынын окутуучулары Бекмуратова Динара жана Акматова Эльвира КОБББнын студенттеринин арасында мамлекеттик жана коомдук ишмер Төрөкул Айтматовдун 120 жылдыгына карата 20.10.2023 “Сталинизм -өмүрүн мезгилсиз үзгөн мамлекеттик ишмер” аттуу темада тегерек стол уюштурушту. Тегерек столдун максаты мамлекеттик жана коомдук ишмер Төрөкул Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кенен маалымат берүү. Тегерек столдо алгач, КР гимни ойнолуп, андан кийин ишмердин бейнесине арналган видео-слайд көрсөтүлдү. Ошондой эле, коомдук ишмер тууралуу ТалМУнун тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент М. Жусупова студенттерге ишмер тууралуу баяндама жасап берди. Андан соң, ишмерге арналган көркөм саптар, обондуу ыр аткарылып, тегерек стол өз максатына жетти.

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн укук таануу жана коомдук дисциплиналар секциянын окутуучусу, КПР-1-23 тайпасынын куратору Э. Акматова 6.10.2023 “Эне тилим, эчен кылым карыткан. Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан! ” аттуу темада студенттер менен мамлекеттик тилдин үч айлыгына жана 34 жылдыгына карата ачык кураторлук саат өттү.Мамлекеттик тилдин өсүп – өнүгүүсү үчүн жаштардын арасында тилди барктоо, сактоо, тилди жоготпой алып жүрүү максат коюлуп, алгач, мамлекеттик тилдин гимни ойнолгондон кийин ” Манас” эпосунан үзүндү айтылып, андан соң мамлекеттик тилди даңазалаган көркөм саптар, жаңылмачтар, обондуу ырлар ырдалды.Студенттер мамлекеттик тилибизди сактоо ыйык милдет экенин билишти.

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө 3.10.2023 коррупцияны алдын алуу максатында “Коррупциянын мыйзам алдында жоопкерчилиги” деген темада укук таануу жана коомдук дисциплиналар секциясынын башчысы Ж. А. Чалабаева жана окутуучулары тарабынан тегерек стол уюштурулду. Ага Талас шаарынын прокурорунун улук жардамчысы Б. А. Молдогазиев, Талас облусунун ИИБнын өзгөчө маанилүү иштери боюнча милициянын майору, тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Н. Ы. Джумагулов, Талас шаардык сот аткаруу кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу С. А. Анарбеков, Талас ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүлөрү, А. С. Анарбеков, Жанболот уулу Канимет катышышты. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү колледждин студенттери менен болгон тегерек столдо, коррупцияны болтурбоо жана аны алдын алуу тууралуу маалымат берип, андан сырткары студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришти.

“КРнын мамлекеттик тили жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу жана кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аттуу аталыштагы мамлекеттик тилди жайылтуу жана Ч. Айтматовго арналган иш- чараларды жергиликтүү соттордо өткөрүү боюнча тапшырмага ылайык 25.10.2023 Талас райондук сотуна “Ар бир элдин тили-өзүнө улуу ” деген аталыштагы өткөрүлгөн иш – чарага ТалМУнун алдындагы кесиптик билим берүү бөлүмүнүн “Укук таануу” адистиктеринин 2-3- курсунун студенттерин укук таануу жана коомдук дисциплиналар секциясынын окутуучусу С. Т. Омурзакова менен биргеликте тайпанын студенттери катышып келишти. Иш-чарада эне тилдин баалуулугу, мамлекеттик тил саясатын колдоо жана ага сот системасынын кошуп жаткан салымы тууралуу мекеменин судьялары тарабынан доклад окулду. Талас райондук сотунун төрагасы Б. М. Жаназаков КРнын мамлекеттик тили жөнүндө жаңы кабыл алынган Конституциялык мыйзамы жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармалары тууралуу студенттер менен суроо-жооп иретинде талкуу жүргүзүлдү. Иш – чара өз деңгээлинде ийгиликтүү өтүп, студенттер эне тилдин баалуулугу жана сот системасындагы тилдин мааниси, ролу, саясаты тууралуу маалымат алышты.

Бириккен Улуттар Уюму тарабынан, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына карата КР Акыйкатчы ( Омбудсменинин) Талас облусу боюнча өкүлчүлүгү Узакбаева Ж.А. жана Кыйноолорду жана башка катаал адамкерчиликсиз же кадыр- баркты басмырлаган мамилени, жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КР Улуттук борборунун Талас облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абдраимов Н.А. тарабынан уюштурулган “Адам укуктары 75” демилгесинин алкагында Адам укуктарын колдоо жана коргоо максатында Талас мамлекеттик университетинин ТТПФ, ГФ, ТЭФ, ТалМУнун алдындагы КОБББ, Талас Агроэкономикалык колледжи, Талас медициналык колледжинин студенттери арасында “Квиз Найт” ( викторина) өткөрүлдү. Викторинага аталган окуу жайлардан 7 студенттен 6 команда түзүлдү. ТалМУнун студенттери 3 команда, колледждер арасында 3 команда түзүлүп, 2 этапта өтүлдү. Жыйынтыгында ТалМУнун студенттер арасында

Колледждер арасында

1- орун ТалМУнун алдындагы КОБББ

2- орун Талас Агроэкономикалык колледжи

3- орун Талас медициналык колледжи ээ болушуп сыйлыктар тапшырылды.

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн укук таануу жана коомдук дисциплиналар секциясынын окутуучулары Д. Бекмуратова жана Э. Акматова КОБББнүн студенттеринин арасында “Заманбап коомдо жаштардын арасында экстремизм, терроризм коркунучтарынын таркалышын алдын алуу”аттуу темада тегерек стол уюштурушту. Тегерек столдун жүрүшүнө Момбеков Таалай Мейманкулович- Талас облусу боюнча пробация бөлүмүнүн башчысы, юстициянын 3- класстагы кеңешчиси;Мүзүрбеков Т.М.- Талас ОИИБдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары, милициянын капитаны;Кыдыралиев З.- Талас облусунун мусулмандар Казыятындагы Үгүт насаат бөлүмүнүн адиси; Мамазалиев Н.- Талас облусунун мусулмандар Казыятынын катчысы жолугушуу иш-чарасына катышышты.Диний экстремизм, радикализм жана терроризмдин жайылышын алдын алуу, салттуу ислам дини тууралуу маалымат беришти.Студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты.Жыйынтыгында КОБББнүн студенттери диний сабырдуулукту жана толеранттуулукту пропагандалоо ,диний радикализм жана экстремизмдин жайылтылышын алдын алуу тууралуу маалымат алышып,тегерек стол өз максатына жетти.

Талас мамлекеттик университетинин студент жаштарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында эл өкүлү Бактыбек Чойбековдун демилгеси менен уюшулган жолугушууга ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн студенттери жана окутуучусу 22.11.2023 барып келишти. Студенттер Жогорку Кеңештин иштери жана Кеңештин алгачкы баскычынан бери чагылдырылган музейди көрүп, чоң таасирленүү менен кайтышты.

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн 030503 Укук таануу багытында билим алып жаткан студенттердин ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү.Жолугушуу учурунда алгачкы соз кезеги КОБББнүн мүдүрүнүн окуу иштери боюнча орун басары Сатаева Л.А. берилди.Андан сон укук таануу жана коомдук дисциплиналар секциясынын жетекчиси Чалабаева Дж.А. ата- энелерге окуу жай процессиндеги илимий жана тарбиялык иштер боюнча кеңири маалымат берип өттүү. Ата-энелер берилген маалыматтын негизинде кызыккан суроолорду жана сунуштарды беришти. Жыйынтыгында ата- энелерден анкета алынып,окууда жана маданий-массалык иштерде активдүү катышкан студенттердин ата-энелерине ыраазычылыктар жетекчилик тарабынан айтылды.

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн укук таануу жана коомдук дисциплиналар секциясынын окутуучусу Батырбек кызы Айнура “Эрте курактагы нике – кыйраган кыялдар” деген темада КПР-1-23,КПР-2-23,КПР-1-22,КПР-1-21 группаларына тарбиялык дебат өттү. Дебатка “Вита гемодиализ” жана”Экстрамед” клиникаларынын врачы Эсеналиева Асель Жолдошбековна катышып кетти. Эрте никеге туруу көйгөйү жана кесепеттери тууралуу кеңири маалымат берип өттү .Студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берип кызуу талкуу жүрдү.Дебатта эки команда тен активдүү катышып,бирдей балга ээ болушту.Дебат өз максатына жетти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин тазалык күнү жана 2023-25- жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүнүн иш аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүн, КРнын Министрлер Кабинетинин 2024-жыл 4- мартындагы номур 335/1 “Табиятты сактайлы” иш чаралар өткөрүү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 27- мартындагы номур 380/1 “Жазгы эки айлык тазалык кампаниясын өткөрүү жөнүндө” буйругун аткаруу максатында ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн окутуучулары 30.03.2024 бөлүнгөн тилкеге ишембиликке чыгышып, тазалоо иштерин жүргүзүштү.

20.04.2024-жылы 3 айлык жарыяланган Тазалык акциясынын алкагында Талас шаарында массалык ишембилик өткөрүлдү. Ишембилике жалпы мекеме уюм кызматкерлери катышты.ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) окутуучулары бөлүнгөн тилкеде тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын 100 жылдыгына карата Талас шаарынын прокурорунун орун басары юстициянын капитаны А.Шайдиев жана Талас шаарынын прокурорунун жардамчысы юстициянын улук лейтенанты М.Тынарбек кызы ТалМУнун алдындагы КОБББнын (колледж) ” укук таануу” адистигинин 2-3- курсунун студенттерине “Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын мамлекеттик түзүлүшүндөгү орду, ишмердүүлүгү жана багыттары” деген темада 24.04.2024 жыйын өтүштү.Жыйында мыйзам жөнүндө жалпы түшүнүк беришип, прокурор кызматкерлери эмне жумуш аткарышары тууралуу маалымат беришти. Иш-чаранын аягында студенттер кызыкан суроолорун беришип, тиешелүү жооп ала алышты.

Талас облустук прокуратурасы 26.04.2024 Ачык эшиктер күнүн өткөрүшттү. Бул иш-чарага ТалМУнун алдындагы КОБББнын “Укук таануу” адистигинин жалпы студенттери жана КОБББнын окуу иштери боюнча директордун орун басары Сатаева Л.А., адистиктин секция башчысы Чалабаева Дж.А. катышып келишти. Прокуратуранын ички түзүлүшүнө экскурсияны Талас облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору М.Маликов жогорку деңгээлде уюштуруп берди.Иш-чаранын аягында прокуратуранын музейи менен тааныштырып, студенттердин суроо-жообу менен аяктады. Студенттер жалпы прокуратуранын ишмердүүлүгү менен таанышып, адистигинине тиешелүү маалыматтарга ээ боло алышты.

26.04.2024 Талас мамлекеттик университети “Дени сак улут, дени сак мамлекет“ аттуу ден соолук спартакиадасын өткөрдү.Ага ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) окутуучулары жана студенттери активдүү катышышты.Спартакиадада спорттун ар кыл түрлөрү ( эстафета, 100 м чуркоо, кол күрөш ж.б.) боюнча мелдештер өткөрүлүп, жалпы командалык эсепте КОБББнын студентеринин арасында2-орунду, ал эми окутуучулар арасында 1-орунга ээ болушту.Жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылып, ден соолукка арналган күн кызуу өттү.

“Демократия жана укук” темасы боюнча студенттер арасында КПР-1-22 тайпасынын студенти Сыртбаев Эржан тренинг өттү.

Укук таануу адистигинин студенттери “Күзгү бал”  сынагына активдүү катышып, жыйынтыгында бий шарты боюнча, мыкты аткаруучулук чеберчилигин    көрсөткөндүгү үчүн, “Берекелүү күз” командасы КОБББнын ардак  грамотасы менен сыйланды.

Прокрутить вверх