“Айтматовдук окуу”

12-декабрь Улуттук адабият күнүнө арналган “Айтматовдук окуу” облустук иш-чарасына ТалМУнун окутуучулары менен студенттери да активдүү катышты. ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов дагы сөз сүйлөп, университетте акын-жазуучуларды изилдөө, окутуу жана даңазалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, адабият күнү менен куттуктады. Студенттер ырларын окушуп, Ч.Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окушту. ТалМУнун китепканасы китеп көргөзмөсүн, факультеттер менен колледж сүрөт, кереге газеталардын көргөзмөсүн уюштурушту.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*