ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
Урматтуу студенттер!
Сиздерди Талас мамлекеттик университетинин
« Азыркы коомдогу нравалык баалуулуктар жана билим берүү системасын өнүктүрүүнүн эффективдүү инструменттери »
аттуу 17-студенттик илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырабыз.
Студенттик конференция 2021-жылдын 17-апрелинде онлайн форматта өткөрүлөт.
Ар бир кафедра төмөнкү форма боюнча катышуучулардын тизмесин 2021-жылдын 10-апрелине чейин кечиктирбей уюштуруу тобунун ilim.talsu2017@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.
№ | Ф.А.А. | Группа | Докладдын темасы | Докладдын багыты | Жетекчинин Ф.А.А. |
Конференциянын негизги багыттары:
- Тарыхый илимдер;
- Педагогикалык илимдер;
- Физика-математикалык илимдер;
- Табигый-экологиялык илимдер;
- Филологиялык илимдер;
- Социалдык-экономикалык илимдер;
- Техника илимдери.
Студенттердин илимий эмгектери төмөнкү критерийлер менен 5 баллдык системада бааланат:
- Адистик багыт боюнча актуалдуулугу
- Илимий изилдөөчүлүк деңгээли
- Практикалык баалуулугу
- Студенттин кошкон салымы
- Заманбап инновациялык маалымат технологияларын колдонуу деңгээли
Уюштуруу тобунун дареги:724200, Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы 25. ilim.talsu2017@gmail.com
996-(3422) 5 37 18, 0501672067
996-(3422) 5 43 37, 0708401611
Урматтоо менен, конференциянын уюштуруу тобу
Leave a Reply